Сары-кол элдик оозеки чыгармалар: Мамыраим ажы

Сары-кол элдик оозеки чыгармалар: Мамыраим ажы

Мамыраим Акжолбек уулу (1927-2004)  Токтомуш айылы

 

Мамыраим карыянып ыры

 

                1

Шайтандин ишин таштайли.
Ахыраттен баштайлы.
Колума алдым каламды,
Дин нусраттан тайбастан,
Далил кабыр барамбы ?
Мамыраим жаздым - дейт,
Учуп турган амманин,
Бааринан дуба алам дейт.
Таштаин жазып муктасар,
Дүйнөдөн өттүк теңтуштар.
Өтпөй турган болгондо,
Калар го эде сарбарлар.
Ахирет жолун билгендер,
Бизден мурун келгендер.
Мен айтаин уккула,
Нообатко бизге жеткендир.
Азирети адамди,
Шайтан даим алдады.
Бул белгисиз дүйнөдө,
Mamyraim ajy 2Өлбөй турган ким калды ?
Өлүмдүн болсо айласи,
Эки дүйнө жараткан,
Каларго эле сарбари.
Азиздиктан өлбөсө,
Чарияры. Саабалар,
Каларго эде ошолор.
Асан, Үсөн рабалар,
Аргасыз кылды өлүмдү.
Ак кепинди кийдирип,
Бардык дүйнө аммага,
Худаалыгын билдирди.
Бусурман болсо ар банда,
Ибадат кылсын Аллага.
Арманда калып жүрбөсүн,
Ахиретке 
барганда.
Азизго жаниң чыгарда,
Азираил келип турарда,
Алла деп жашиң төгүлсө.
Ал убакта болот бепайда.
Банда болсон ойлогун,


                 2

Беш убак парзди койбогун,
Бул дүйнөгө бүтүлдүм,
Өлүм деген иши бар.
Кайда качып кутулдум.
Кыяматты ойлосом.
Саргарып жашим төгүлөт,
Өлүмү кургур көп катык,
Кара жерге көмүлөт.
«Кунфаякүн» - дегенде,
Топодон болду илтихам.
Ишенбесен бандалар,
Кабырстандан ибрат ал.
Бир жыл тирүү жүрсөң да,
Өлгөн күнүм ошол да.
Музалат болуп бир кече,
Ак өргөнүн түбүндө.
Гарыпчалай Жамынып,
Жатканьңа арзыбайт.
Миң жыл тирүү жүрсөң да,
Карангы гөрдүн түбүндө,
Мутлак болуп бир кече,
Жатканьңа арзыбайт.
Жайга коюп кайтканда,
Жети кадам басканда,
Мункар-Наңкир кирет дейт.
Манрабук - деп, сурайт дейт.
Раббим Алла дебесең,
Башыңа бирди урат дейт.
Молдолор окуп турганда,
Шарапаты аят деп,
Ошондо урбай турат - дейт.
Табаракка - аллази,
Азаптын болот калкасы.
Молдолор окуп турганда,
Азап тарткан банданин,
Кутулат дейт аммаси.
Аятал күрсү окуса,
Караңгы гөрлөр жарыйт дейт,
Сасык банда экенин,
Ошол жерде тааныйт - дейт.
Бул дүйнүсү бепайда,
Өлбөй турган жан кайда.
Адамда болсун аманат,
Рузи машар күндөрү,
Мухаммеддин алдында,
Кудая кылба шэрмэндэ.
Жан танида аманат,
Иманым барса саламат.
Эч корпогун бусурман,
Болсого болсун кыямат.
Аллага ашык болушуп,
Азиздар болгон кыямат.
Биз чабалбыз теңтуштар,
Рузи машар күндөрү,
Досум деген эде го.
Азирети Али айдарлар,
Бусурман болсо, билет дейт

              3

Пул исраттин көпүрүгү,
Кылычтан тез кылдай - дейт,
Кыл көпүрүктөн өтөм - дейт.
Жансиз кеткен бандани,
Паришта айдап турат-дейт.
Кыл көпүрүктөн өтөт-дейт.
Ибадат кылган сопулар,
Пааналап келип турат - дейт.
Окуган намаз жамылар,
Жаннатимди сырдай түшүн - дейт.
Рахимдил болуп турат -дейт.
Ибадат кылган газылар.
Сап-сапка тартып турат дейт.
Дүйнөдөн өткөн газылар,
Учкан куштай өтөт дейт.
Мадина барган ажылар,
Миналхак деп ийлашип,
Жакасын кармам турат дейт.
Пара жеген казылар,
Табыр таштын аммаси,
Сымаптай болуп ээрийт - дейт.
Булбулдай сайрап тургандар,
Бардыгы өткөн шаит-дейт
Молдолор окуйт муктасар,
Кыяматтын шиддати,
Жүрөктөн кетпей алхазар,
Азиз го менин бандам - деп,
Тил берип гоя жаратти.
Ыхтиярдин аммасин,
Бандасина каратты.
Азирети фурханды,
Махамадка жүгөрдү,
Аяти адис Кураанды,
«Алла» - деп иман келтирди.
Бандалардин баарига,
Худаалыгын билдирди.
Көрбөй туруп билсин - деп,
Дил бердим - дейт бандага.
«Худаа» - деп мени айтсин - деп,
«Тил бердим» - дейт бандага.
Кураанда убада бериптир,
Жан баришиң асан» - деп,
Азиз го бандам шул» - дептир,
Сенде болсо иман» - деп.
Азираил келип салам дейт,
Иманы болсо банденин,
Жаннатка алып барам» - дейт.
Ушул жерге жеткенде,
«Сынып калды калам» - дейт.
Угуп турган амманин,
«Бардыгына Салам» - дейт.


                            -//-



Мамыраим ажы
Токтомуш айылы
"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ" 2003 ж
www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.