Сары-кол эл ырчылары: Осмон ырчы (куу кулак)

Сары-кол эл ырчылары: Осмон ырчы (куу кулак)
Осмон (Куу кулак) (1859-1939-ж.ж.)
 
Кеңеш өкмөтүнүн мезгилине чейин, жалпы эле кыргыз элинин жазуусу жакшы өнүкпөгөндүктөн, эл ырчыларынын чыгармалары оозеки түрдө эл арасына таралып, кагаз бетине түшүрүлбөй, жарым жартылай болсо дагы биздин күндөргө чейин сакталып келди.
 
Шагылы болбой зоо болбойт,
Шайыры болбой эл болбойт

- деп улуу демократ акын Токтогул айткандай, биздин Сары-Кол жеринде да көптөгөн ырчылар, жамакчылар, куудулдар, комузчулар жашап өткөн.
 
Алардын көпчүлүк чыгармалары жок болуп, эл арасында сакталып калгандары да үзүндүлөргө айланып, айрымдары бир-бирине аралашып кеткен. Ушуга карабастан кийинки учурда анча-мынча карыялардын айтуусу боюнча Сары-Колдо Осмон, Бөрүбек, Абдулсатар (Камина) деген ырчылар, Абдираим, Малаш, Гожахмат ж.б. ушул сыяктуу жамакчылар, өз мезгилинин шайырлары катары элге таанылып, жашап өткөндүгү Сары-Кол элине маалым.
 
Мына ушул аз да болсо ырлары эл оозунда сакталып калган ырчылардын бири Осмон (апыз) ырчы болуп эсептелет. Осмон ырчы Сары-Кол, кытай элинин ичинде «Куу кулак» деген ат менен белгилүү болгон. Анткени Осмон ырчынын кулагы жука, делдейген, адам болгондуктан. көбүнчө допу кийип, аны караган адамга кулагы күнгө чагылышып. куу көрүнгөндүктөн, аны «Куу кулак» деп аташкан. Көргөн адамдар ырчынын өңү сары жышың, жашында сакал-муруту жок, шыңга бойлуу, как адам эле дейт. Ал киши ырдаганда тили оозунда соймоңдоп, жамгыр жаагандай төгүп ырдачу экен. Осмон ырчынын өмүр баяны тууралуу так маалымат жок. Бирок Осмон Анжияндын Гожарык деген жеринен, Арык тейит уруусунан болгону белгилүү. Ал эми кээ бир аксакалдар Чал тейит уруусунан эле деп айтышат.
 
Болжол менен Осмон ырчы 1859-жылдарда туулуп, 1939-жылы 80 жашында Сары-Колдун Каар-Суу деген жеринде каза болуп, Шакаракка кеткен жолдун боюндагы «Кызыл гөр» аттуу жайкагнага коюлган. Осмон ырчынын өткөн өмүрүнө кайрылсак, ал бала кезинен жетим калып, элдин кайрак буудайын оруп. өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн бала экен. 

Бир күнү буудай өскөн талаада жатып уктап калат да, түш көрөт. Түшүндө көк көйнөк кийген эки аял келет, коюндарынан кагаз алып, бир учун Осмонго тиштетип, бир учун өздөрү алып бир топ жерге чейин чубап барып, «Эми өзүң түрүп ал» - деп кетишет. Бала кагазды түрүп чогултуп, койнуна ката берет, катып жатып ойгонуп кетет. Ошол түш көргөн күндөн баштап. башынан өткөргөндөрүн кошуп ырдап, күндөн күнгө ырчылык өнөру артат, эл аралап ырдайт.
 
Жаш ырчы ал күндөр, өзү жөнүндө:
 
Ат-Башы, Нарын, Арпадан,
Ак пайча тору ат алдым.
Эки көзү көр кул алдым.
Тиздеген Нарын чөгөрдүм.
Он жети күн ээрчитип,
Онун эки көзү көр экен,
Анан азат кылып жүгөрдүм.
Айры калпак кыргыздан.
Албаганым калбады.
Кулагым гэңип укпады,
Эл бергени жукпады -  деп ырдайт
 
Бул ыр саптарга караганда ырчынын кыргыз жерин аралап, көп ырдап жүргөндүгү таасын көрүнөт.
 
Ал эми Сары-Кол жерине кандай себептер менен келип калгандыгын.
 
Оро-Төбө Жизактан,
Сэвэп (себеп) оокат, тиричилик.
Келип калдык узактан.
Жоосунду билген адамдар,
Жогору өт дел сыйлады.
Жокчулук жаман кыйнады.
Койчунун уулу Жантөрө,
Ичти, тышты кийгизип,
Битта бурул гунан мингизип.
Жетелеп жүрүп сыйлады

- деп турмуш-тиричиликтин себептери, жокчулуктун айынан келип калгандыгын аныктайт.
 
Осмон ырчынын Сары-Колго качан келгени тууралуу эч ким айта албайт. Бирок кээ бир аксакалдардын айтуусуна караганда Осмон ырчы Сары-Колдун Ыраң-Көл жеринде жашап, Кытайда жашаган кыргыз журтунун арасында маараке, тойлордо көп болуп. эл аралап ырдап жүргөн. Эл ичиндеги көп той-тамашалардын биринде Кытайдын Булуң-Көл деген жерине тойго барып, Шака деген ырчы аял менен айтышып, андан жеңилип. ат менен качкан экен. Көп ырчылар менен айтыш женген учурлары көп болгон дешет. Балким Кытайда жашаган кыргыз туугандарыбыздын арасында Осмон ырчыны билген жана ырдап же Сактап жүргөн адамдар бардыр.
 
Osmon kuu-kulakЭлдин айткан божомолдоруна караганда Осмон ырчы өмүрүнүн аягына чейин 5-6 аял алган. Аялдарынын бардыгы Сары-Колдон болуптур. Алардын ичинен Соңсор, Орун, Ширинжан, Айседеп деген аялдары маалым. Биринчи аялынан бир кыз, эки уулдуу болгондо аялы өлгөн. Андан калган кызы Аймама, Ахматали деген жигит күйөөлөп, кийин эки инисин алып, ооганстанга өтүп кеткен экен. Осмон Ыраң-Көлдө жүргөн жылдарында Соңсор, Орун, Ширин андан кийин Седеп деген үйдө отуруп калган кызды экинчи аялдыкка алган. Уруусу чегитир эле. Осмондун башка аялдарынан баласы болбой, Седептен эки кыз, бир уул болот. 3ор кызынын аты- Пааша, кичүү кызынын аты Батма. Уулу 8-9 жашында кийин өлгөн. Батмасын Ысман мергендин уулу Аки дегенге берген. Акинин эжеси Самар Нургапта жүрүп өттү. Ушундай жылдардын аралыгында Апыздын көзү азиз болуп, Осмон менен Седеп ажырашып кетет.
 
Седеп тууганы Чоробек аминдин баласы Айтинин үйүндө жүргөн да Раимкул (жаманаң) дегенге тийип 2 уулду болгон, балдары турган эмес. Раимкул уста мылтык жасагандыгы үчүн камалып, 1943-жылы 9-декабрда Душанбеде камакта кайтыш болгон. Седептин жакын тууганы Айти колхоздо зав. ферма болуп жүрүп 1942-жылы ноябрь айында кытайга качканда, Седеп Айти менен кошо кеткен. Айти качууга даярдык көрүп жаткан убагы болуп, Толубай деген молдо айылга барып калган экен. Аны оруска кабар берип коет деп, өздөрү менен кошо ала кетип кийин Седепти ошол кишиге берген дешет. Ал аял жакынкы жылдарда көп жашка кирип өтүптүр. Күйөө баласы Аки балалуу болуп, азыркы. учур Кытайда жашайт. Барган адамдар ал кишиге учурашып келген.
 
Осмон ырчы аялдарынын ичинен дүк Ширинди бир жагы мактап, бир жагы какшыктап ырдаган ыры:

1
Ак элгектин карсканы,
Ак Шириндин басканы.
Көк элгектин карсканы,
Көрктүү мунун басканы.
Өрдөктү сойсок пычактап,
Өлүп кетсем арман жок.
Өркөчүндөн кучактап.
Жандарди сойсок пычактап,
Жаниңда жатсам арман жок.
Жамбашыңдан кучактап.
Ак параң мылтык чачмаси,
Абдираим Патмасы,
Ода жетпейт жолуга.
Сулуу жубан Шириндин.
Суу куя албайт колуга.
Мурзахматтын Умсуну,
Тойчубектин Турсуну.
Ода жетпейт жолуга,
Сулуу жубан Шириндин.
Суу куя албайт колуга.
Машиненин жолуда,
2
Маматали колуда,
Аптомобил жолуда.
Асамидин колуда.
Омбу-домбу сүйлөгөн.
Оңду сунган асал бар.
Ода жетпейт жолуга.
Бекешбайдын Толугу (кызы)
Башында шайи жоолугу.
Кысып койгон көзү бар,
Шэкэрдэн ширин сөзү бар.
Ода жетпейт жолуга.
Сулуу жубан Шириндин,
Суу куя албайт колуна.
Алайдын тунук суусуну,
Ахматжандин Умсуну.
Ода жетпейт жолуга.
Сулуу жубан Шириндин
Суу куя албайт колуга.
Шунчалык мактап ырдасам,
Куу кулактын айымы,
Эчки багат айыбы.
 
Осмон ырчы өзү карып, көзү азиз болуп, жашоонун өтө татаал шартына туш келген. Апыздын тагдыры, өмүрүнүн акыры кейиштүү аяктаган. Көөнө-Коргон, Мургаб, Кара-Суу жактарда жаш баласына жетелетип, таяк менен жүрүп, злге ырдап күнүмдүк тиричилигин өткөрүүгө туура келген. Осмон өзүнүн 80 жаштык өмүрүндө көп жылдар бою ырдаган ырлары жок болуп кетип. «Жыргалы сендик дүйнөнүн» деген ашыктык ыры, аялы Ширинди ырдаганы, Шака деген аял боз үйгө түндүк бою төшөк салдырып. өзү башын көкүрөгнө чейин чыгарып коюп, Осмон менен ырдашкан ыры (жаман сөздөр көп болгондуктан берилбеди) жана тарыхий инсандар Алимбек, Курманжан Даткалардын уулу Абдилдабектин акыркы өмүрүндөгү армандуу керээзи эл оозунда сакталып калган.  1969 -  1970-жылдарда «Абдилдабектин арманы» Кыргызстандын «Ала-Тоо» журналына жарыяланган.
 
Бул тарыхый окуяны ичине камтыган ырда Абдилдабектин Алайдан Ооганга барып туруп калышы жана ал жерде каза болушу баяндалат. Осмон ырчынын «Абдилдабектин арманы» деген ыры көркөм чыгарма болсо дагы, ал өткөн XIX кылымдын экинчи жарымындагы кыргыз элинде болгон тарыхый окуяларды, саясий абалдарды чагылдырат.
 
Кыргыз элинин белгилуу жазуучусу Т. Касымбеков «Келкел» романында, К. Ташбаев «Алыке-палбан баяны» (Адабий көркөм-саясий альманах, 1999-жыл № 5 Ош. ш.) тарыхьй очеркинде орус падышачылыгы менен Кокон ордосуну ортосундагы кагылышуу жана кыргыз жеринде Анжиян, Ошто аким болуп турган Алимбек датка, Алай канышасы Курманжан даткалардын жүргүзгөн иштери так айтылат. «Алимбек датканын чоң уулу Абдилдабек тоолуктардан аскер курап, Полоткандын туусу астында орустарга каршы согушуп жеңилет. Черняевдин армиясы Ташкентти басып алат. Полотхан колго түшүп 1876-жылы Маргалан ордосунда дарга асылат. Орус армиясы Ошту алып, Алайга багыт алат. Абдылдабек эң акыркы күчүн топтоп, Гүлчөнүн Жаңырык капчыгайында генерал Скобелевдин куралду аскерлери менен беттешип, (жергиликтү Ыманкул деген адамды чыккынчылык кылып жол көрсөтүп бергендигинен) жеңилип, Абдилдабектин колу Бадакшанды көздөй жол жүрөт» - деп К. Ташбаев жазат. Мурунтан эле Алимбек даткага кызмат кылып жүргөн Алыке палбан Абдылдабек менен кошо Кабулга чейин барып бир жылдан кийин кайра келген.
 
Болгон окуяларды өз көзү менен көрүп, алыскы жолду бир баскан Алайдан Сары-Колго Акбайтал ашуусу менен ашьп Ыраң-Көлгө баргандыгын. анда элдин сыйын көрүп, союштарын жегендерин, тамактан өксү болушпагандыгын айтып келип, аттар тыныгып, жигиттер эс алгандан кийин, Кабулга барып. ооган амиринен жөн-жайды айтып туруп калышканын, ат байлар жигити Мурзамат экөө уруша кетип, Абдилдабектин мүрүсүн аркадан келип кыя чапканын, Абдилдабектин айткан керез сөздөрүн, кантип сөөгүн алып келгендигин элге айтып жүрчү экен. Осмон ырчы Абдилдабектин аскерлериндеги датка, бектердин аттарын так билгенине караганда  ошол кездерде Ыраң-Көлдө болсо Абдилдабектин аскерлерин жакындан көрүп билсе керек деген ой туулат.
 
Абдилдабектин Сары-Колго келишин мындай сүрөттөйт:
 
Ортобузда Кызыларт,
Ашып кеттиң жан бегим.
Акыл-эсти унутуп,
Шашып кеттиң жан бегим.
Кызыл көлгө барганда,
Кыжалат болдуң жан бегим.
Уй-Булакка барганда.
Ушуң кетти жан бегим.
Кара-көлгө түшкөндө,
Башкы сууга жеткенде,
Кэттэ, кичүү чогулуп,
Дубана датка, Алимбек,
Сейитбек датка, Ботобек.
Эрданабек, Тойкулбек.
Эң кичиги Эшимбек.
Казанат минген Кадырбек,
Карчыгадай Жайчибек.
Жети, сегиз саркарда,
Кайтыплар кеткен эмеспи -
 
- деп көпчүлүк датка, бектерди кеңешип, Кара-Көлгө жетпей кайта Алайга кетиргенин сүрөттөсө, Ооган жерине баргандан кийин Абдылдабектин мүрүсүнө кылыч тийип, жарадар болуп жатып калганда, Омарбек (Умарбек) датканы баш кылып, Асанбек, Мамыбектреди (инилери) жигиттерин чакырып, чатырында өзүнүн арман, керээзин айтканы.
 
Уай, Омарбек датка экэ,
Баарың чогул чайырга.
Уай Омарбек датка экэ,
Чыгып да кетсе жанимди,
Алып кет жүктөп танимди.
Арканды беш кат бүктөй көр,
Гүлүшө карай жүктөй көр.
Кызыл арты ашыргын.
Гүлүшөгө жашыргын.
Эгиз көтөр кабырды.
Ыйлабай кылгын сабырды.
Асанбек, Мамыт жигарим,
Күндөн-күнгө оорлоп
Күчөп барат касалим.
Чайга салган асалим.
Ая. Маамыт кайдасың,
Ажырабас жайдасың
 
- деп элестетип ырдайт.
 
Ушул ыр саптардан жаралуу Абдилдабек, бир канча күн жашап тургандай сезилет. Өткөн мындай тарыхый окуялар кайсы эле чыгармаларда илимий аныктамаларда, ар түрдүү кайчы ойлорду пайда кылуу менен келечектен дагы тарыхый тактыкка келтирүү ишин талап кылат.
 
 
Осмон ырчынын эл жерин сагынып ырдаганы
 
1
Улуу Too жүргөн жеримди,
Унутуп Тейит элимди.
Гожаарыгы Савай жеримди,
Сагындым Тейит элимди.
Алтын пайнек тагындым,
Амеки тууган көп эде,
Аммасини сагындым.
Күмүш пайнек тагындым,
Кулан журтум сагындым.
Отоо-отоо үйүлгөн,
«Оюн»-десе сүйүнгөн,
Кыздарыны сагындым.
Көк сууну бойлогон,
Көк бөрү тартып ойногон.
Ак ирим сууну бойлогон,
Ак бөрү тартып ойногон.
Асыр, Тобой, Ак Дүнкөй,
Сабай, Мисте кырк күнгөй.
Белен жайлооо бел журтту,
Кара-Дөбө, Көк-Торпок.
Онун жогор жагы алтын жай,
Киндик кесип, кир төккөн,
Кең Гожаарыгы биздин жай.
Дангазасы таш жарган,
Дарбазасы баш жарган.
Кыраңда ойнойт тайлагы,
Кырк чейректен ат алган.
Кыраңда сепкен кайрагы,
Азыр да ойнойт тайлагы.
Алтымыш чейрек аш алган,
2
Адырга сепкен кайрагы.
Кайрагы болгон жылдарда.
Алтымыш чейрек аталган.
Аябастан бат алган.
Ат-Башы, Нарын, Арпадан
Азаны болбойт аркадан.
Кочкор менен Жумгалдан
Оро-Дөбө, Жизактан
Савал оокат тириглик,
Келил калдык узактан.
Жоосунду билген адамдар
«Жогору өт»-деп сыйлады.
Жокчулук жаман кыйнады.
Койчунун уулу Жантөрө
Ичти тышты кийгизип,
Битта бурул гунан мингизил,
Жетелеп жүрүп сыйлады.
Жетестик жаман кыйнады.
Ат-Башы, Нарын, Арпадан
Ак байча тору ат алдым
Эки көзу көр кул алдым
Түзөргөн Нарын чөгөрдүм.
Он жети күн ээрчитип,
Онун эки көзү көр экен.
Анан азат кылып жибердим.
Айры калпак кыргыздан,
Албаганым калбады.
Кулагым гаңип уклады,
Эл бергени жукпады.
-//-
 


«Абдилдабектин арманы»
 
1
Аба айланып боз болду,
Абалы каапыр чыккандан
Оягы Ташкент козголду
Аркасы Сайрам козголду.
Кутчу менен Мундуздан,
Элети көчмөн кыргыздан,
Кара-Үңкүр менен Кабадан.
Арстанбаб менен Чарбактан.
Масы менен Шабдандан,
Жалгыз буудан Четинден,
Анжияндын бетиден,
Абдылдабек.козголуп,
Ак өлкөгө бөлөнуп.
Абдылдабек дегеним.
Алымбектин баласы.
Ак жолборстой шер байлап.
Алтын Айык туу кармап.
Бедөө минип жоо тандап,
Үртүк салды боз атка.
Таярлык кылды казатка,
Тилла калкан кийинип,
Жоо дегенде сүйүнүп,
Экөөдү катар тең сайып,
Баатыр Мамыр баш болуп,
Айтса көңүл кат болуп,
Орокчусун чогултуп
Мурсат берсе алам деп,
Азем шаар Коконго.
Ханы лашкар болом деп,
Файы такка минем деп,
Улук улутугун билгизип,
Ариет үчүн чеп байлап,
Алтымыш күндөн көп бойлоп.
Сепкилдүү атка нар байлап.
Сексен күндөн көп байлап.
Тогуз мерген жаткызып,
Аркадан келген каапырды
Үч катардан аткызып.
Карарып калды чатырлар,
Кармаша берди баатырлар,
Тигилип калды чатырлар,
Тиктеше берди баатырлар.
Тил билбеген каапырлар,
Кайта турган болду эди.
Кокуй кылып таштады,
Кочкорчу жолду баштады.
Мамадемин көк өтүк.
Казаны сынып кул болсун!
Катыны ыйлап тул болсун!
Босого бойлоп уулу өлсүн!
Бойго жеткен кызы өлсүн!
Бул кайсы гөрдөн жол тапты,
Бууну жик-жик бөлүнсүн.
Эрте менен саарда,
Аш ичпестен наарда
Үстү жагын караса,
Үч жүз солдат көрүндү
Тил билбеген каапырдын
Огу чыкты бызылдап.
Ону көрөп беглерим,
Кача берди тызылдап.
Даңкы кетти далайга.
Сары баштуу каапырдан,
Ыктай бердиң Алайга,
Ортобузда Кызыл-Арт.
Ашып кеттиң жан бегим
Акыл-эсти унутуп
Шашып кеттиң жан бегим.
Кызыл көлгө барганда,
Кыялак болдуң жан бегим.
Уй-Булакка барганда,
Ушуң кетти жан бегим.
Кара-Көлгө түшкөндө
Башкы Сууга жеткенде,
Катта, кичуу чогулуп,
Дубана датка Алимбек,
Сейитбек датка, Ботобек.
Эрданабек. Тойкулбек.
Эң кичиги Эшимбек.
Кан азат минген Кадырбек,
2
Карчыгайдай Жайчибек.
Жети-сегиз саркарда.
Кайтыплар кеткен эмепи
Буякка кеткен улуулар,
Баары тилла калкан эмеспи,
Ортобузда Ак-Байтал,
Аша бердиң жан бегим,
Ак суу менен Нургабы,
Баса бердиң жан бегим.
Кой-Тезектин белини.
Көрүп кеттиң жан бегим,
Көкурөккө гаятты,
Бөлүп кеттиң жан бегим.
Жакут бердиң калканга.
Ариет үчүн бел байлап,
Бастыра бердиң Талканга,
Эсеп жетпей жылдызга,
Барыплар калдың Кундузга.
Тил билбеген чүрчүткө,
Барыплар калдың Бүргүткө.
Үртүк салдың сабылга,
Барыплар калдың Кабулга.
Барып калдың Амирга,
Амирга барган маалда,
Амирдин зору Шерали.
Муну кандай зайып тууган деп,
Бул кайсы жердин беги деп,
Каерден келген пааша деп,
Маяна берди миң тилла.
Кылыч тийип мүрүңө.
Жатыплар калдыү бир жылга
- Элим Алай толгон жок,
Энкейсем казат болгон жок.
Калкым Алай толгон жок,
Кокон колго тийген жок.
Абат менен Нойгуттан,
Кудайкул пасат өткөн жок.
Ардай менен Мөнөк жок,
Тооке менен Сабай жок.
Теңизбай менен Тасма жок,
Баатыр Мамыр уккан жок,
Орокчусун чогултуп,
Жан-жабылга кирген жок.
Казаттын четин билген жок,
Кылабданда катың жок,
Оң жагымда отурган,
Мейманыңды күзөткөн,
Сүйлөп көнүл түзөткөн.
Чамчабийдин баласы,
Булбул баян Мамыт жок.
Амалдардан алты жок.
Бек-даткадан бешөө жок.
Мура, корбашы Калчам жок,
Уай, Омарбек, датка аке
Баарың чогул чатырга,
Билбеймин менин канчам жок.
Сагынып-сагынып дуба айтиң.
Беш-Көкүл калган жарыма,
Бекмураттай карыма.
Сагынып-сагынып дуба айтиң,
Ташмат, Мурза тагама,
Тобор, Туйгун жеңеме.
Сагынып-сагынып дуба айтиң,
Байбичедей энеме.
Сагынып-сагынып дуба айтиң.
Дуба айтканда муну айтың.
Качураны жайласин.
Кара көк кулун байласын,
Кайтып келип байбиче,
Каргашага кыштасын.
Ичигим Тобар тыштасын.
Көөнүнү чөгөт кылбасын.
Киндик кесип, кир төккөн.
Гулпур шаардан жадабасын.
Туздуу сууну жайласын,
Кулунум деп куурасын.
Ботом деп мага боздосун,
Арбагымды сыйласын,
Азарым тартып ыйласын.
Аккари кийсин бутуга,
3
Ыраазы болсун байбиче,
Бизге берген сүтүүгө,
Уай, Омарбек, датка аке.
Чыгып да кетсе жанымды,
Алып кет жүктөп танимди?
Арканды беш кат бүктөй көр.
Гулушө карай жүктөй көр.
Кызыл-Артты ашыргын.
Гүлушөгө жашыргын,
Эгиз көтөр кабырды,
Ыйлабай кылгын сабырды,
Асанбек, Мамыт жигарим,
Болду менин бемарим,
Күндөн-күнгө оорлоп.
Пастап барат касалим.
Чайга салган асалим,
Ая Мамыт кандайсын?
Ажырабас жайдагың.
Жер гиясы чөп эди,
Айланайын Мамыт жан.
Бизге душман көп эди.
Көралбаган душманга,
Көркөм болчу жигарим.
Болду менин бемарим,
Бошоплар калды буунум.
Сагыр калды эгасиз
Мурзапаяз уулум.
Алтын ээр каш калды,
Аттин ай. Паяз жаш калды.
Күмүш ээр. каш калды.
Гулпатым ыйлап жаш калды.
Эсен болсо чырагым,
Алтысында ата дээр,
Күндөн күнгө тетилээр,
Айдан-айга жетилээр.
Тогузунда торолор.
Оңго кирип олжо алар.
Он экиде ноодалар.
Он бешинде октолор.
Жыйырмада жык толор.
Жыйырма беште дык болор.
Анан,
Шилтегени шар болоор,
Үч ай баар күз өтөөр,
Эсен болсо чырагым,
Ишимди улап түзөтөр.
Олпогумду шол киер,
Назарым тийген бала эле
Ордума шол минер,
Алты канат ак үйдү,
Алты айлана каптырдым,
Алты жашар уулумду.
Жаркынбайга тапшырдым.
Жети канат ак үйдү.
Жети айлана капшырдым,
Жети жашар уулумду,
Жаркынбайга тапшырдым.
Жетим ашын ичирбей,
Жетим тонун тийгизбей,
Боюга бычып тон кылсын,
Асырап-сактап тон кылсын.
Уай, Омарбек. датка аке,
Баданларим сыздады,
Жүрөгүм башы муздады,
Күдөрүм жандан үзүлдү,
Күйкөдөй көзүм сүзүлдү...
-//-
 
Ырдын автору Осмон (Куу кулак)
Айтып берген Садыков Каламбай ж/а Галбай карыя,
Раң-Көл. Көнө-Коргон айылдары
 
 
 Ак назик
 

1


Асман мелжип нимне өткөн?
Гаркыра менен турна өткөн.
Ашыглыктан ким өткөн.
Тэйир менен Зуура өткөн.

Булбул менен гүл өткөн.
Жусуп менен Зулайка.
Ашык болуп бул өткөн.
Азирети Жусупка,
Ашык болду Зулайка,
Ашыглыктын дэрдидэн,
Наалы кылды кудайга.
Көк өгүздөй өкүрткөн,
Көмүрүнү көктөм койдой чачылган, Бармагы менен мал тапкан,
Балкасы менен зер чапкан,
Ак Айша менен болжошкон,
Ашыглыкка жол кошкон.
Кырчын тайак майтарган,
Кыз карай көз жар үчүн,
Олоң байыр Гүлгаакы,
Кантип чиркин кыз үчүн.
Кытайдын төвсүн кайтарган.
Шаа Мэширеп. Шаа гарып,
Бул өткүн ашыглык,
Мунан калган жашчилик.
Ашыглык жолун ак эйтэм,
Арманго менен даты эйтэм.
О, ышкынын жолу ырды эйтэм,
Колдой турган пирди эйтэм.
Пирлерго бизди колдосун,
Пилисрат көпүрүк.
Бизиндей асыл кулуңду,
Расул кудай, пайгамбар,
Уммэтим деп колдосун.
Чын ашыктар өлөт дейт.
Чынар Терек болот дейт.
Чынар Терек башына,
Булбул куш сэйрэп конот дейт.
Булбул менен гүл ашык,
Ак Нэзик менен биз ашык.
Кызыл алма гүлге ашык,
Кылымда сулуу Ак Нэзик,
Кызыгам бозой сизге ашык.
Жэшил бир алма гүлге ашык,
Жээндэ сулув Ак Нэзик.
Жаншаган бозой сизге ашык.
Кызыл кийик  гайберен,
 
2
Кырда болот эмеспи.
Өзүңдөй бир сулуу,
Ырда болот эмеспи.
Таң саардын салкыны.
Эттенэ айдын жаркыны.
Сындырдым гүлдүн беркини
Сынаганмын бир журуп.
Ак Назиктин дэрдини.
Ал да кандай эримэн,
Агарган таңдай белгилүү,
Сагагыңдан Ак Назик.
Ак седеп таксак жарашкан,
Тамагыңдан Ак Назик.
Бааз-бааз ишинди.
Эйтип жүрөм жэриэ.
Ак Назик сизди дегенде,
Көзүмдүн жэши дэриэ.
Жазда эриген сув болот,
Кышта тонгон муз болот.
Бир бурма бел кыз болот.
Назиктин жары биз болот.
Ордонун жолу Жар-Мазар,
Жети жыл кетпейт бул эзэр.
 Ак кагазда накшы бар,
Ай чырайлуу Ак Назик,
Ажырашып кетсек жакшы бар.
Көк кагазда накшы бар.
Көркөм бойлув Ак Назик,
Көрүшпөй кетсек жакшы бар.
Агын суу башы шар бекен?
Кетким келбейт астыңдан.
Мээр чөбүң бар бекен,
Жакшыда болот мээр чөп,
Жаншанган биздей нечен көп.
Сулууда болот мээр чөп,
Суктанган биздей нечен көп.
Алтын калам жез дуват
Ак кагазга кара хат.
Бүттүм го байит каламга
Ашыглыктан көп ырдап
Ашкере кылдым ээлемгэ
Айнегин кабы пэрпэшэ
Айда айлына мен барсам,
Ангеме оюн тамаша,
Күзгүндүн боосу пэрпэшэ.
Күндө айлына мен барсам,
Күлкү эле, оюн тамаша.
3
Торгойдун товра тили бар,
Булбулдун мукам үнү бар,
Бүргүттүн жогдор жүнү бар,
Коендун кошмок путу бар
Коңур го сулув Ак Нэзик,
Койнуңда коон жыты бар.
Камышты кый да, калам кыл,
Катка карал амал кыл.
Кат колуңа тийгенде,
Кайтып келгин Ак Нэзик.
-Үркөр ооп жыл келди,
-Ак Назиктэн тил келди.
-Тил келгенде не деди,
-Коңур салкын күз деди.
Эквебүз бирег тең деди,
Конгонум корук түз деди.
Келсен жолуң кең деди,
Экөвлабиз тең деди.

-//-


1.Эримди ар түрлүү, кулпунган.
2.Бааз-бааз кээбирде, кээде.
3.Накшы сыя, жазуу.
4.Жез дуват - сыя челек.
5.Байит-ыр.
6.Пэрпэше-коозд.жасалган чырмоок
7.Товра-татту
 
 
Жыргалы сендик дүйнөнүн
 
Бул ыр Садыков Белекбайдан жазылып алынды. Ал киши 1929-жылы Раң-Көлдө туулган.
Азыр Ош областынын Кара-Суусунда жашайт.
 
Жазып алган: А Сапарбаев.
1967-ж Ыраң-Көл.
 
1
Жайлоого чыккан гүлкайыр,
Жарашыктуу кыэ шайыр.
Биле жүргүн жигиттер,
Жайдары сулув кыз жайын.
Акактай аппак алкымы,
Адамдын жайын бүт билген,
Адамдан артык акылы.
Кошулушуп сүйлөшсөң,
Көркөм сулув уз менен.
Айкалышып сүйлөшсөң,
Айнектей сулув кыз менен.
Ат чалыш болсо мингениң,
Акылман сулув жар болсо.
Алышып ойноп күлгөнуң,
Тору чалыш болсо мингениң.
Тотудай сулув жар болсо,
Тоовэкэл клып сүйгөнүң.
Эйнэктэй сулув жар болсо,
Өмүрлүк болуп сүйгөнүң.
Өзгөчө болот жыргалы,
Өтүп кетер дүйнөнүн.
Гүлдөн чөлгө кайрылбай,
Өмүрүң өтсө армансыз,
Сүйгөнүңдөн айрылбай,
Жашчылык гүлү ушундай.
Жаркылдап өмүр сүрүшсөң,
Өмүр бою бузулбай.
Атир жел согот сай менен,
2
Жигитке таалай бүтнөйбү,
Акылман сулув жар менен.
Акылман болсо алганың,
Өлгөнүңчө сүрөсүң,
Өмүрдун шаттуу жыргалын.
Көркөм кийим кийнип,
Көйкөлүп турса алдыңда.
Тамаша таттув сөз айтип,
Жаркылдаса жаниңда.
Өткөрсө өмүр жыргалын,
Сүйгөнуңдүн сыры билинип.
Өз өмүрүн өткөнчө.
Сүйгөнүң менен сүйүшсөң,
Сүйкүмдүү жакшы өмүрдө,
Өлгөнүңчө жүрүшсөң.
Уктасаң түндө ойготуп,
Сүйүп алган сулув жар.
Кайгынды ачса соортуп,
Сырыңды тапса сулувлар.
Аздыр көптур дүннөм ал,
Арманың болбойт эч качан.
Анык сүйсө сулув жар.
Акылдаш болсо ойлонуп.
Үйрүлүп түшсө толгонуп.
Күйүмдүү болсо сүйгөнуң.
Жыргалы сендик дүйнөнүн.
-//-
 
 

"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ" 2003

www.sary-kol.ru

 

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.