Сары-Кол

Сары-Кол тоосу бийик, талаасы кең,

Өсүмдүгү,жалгыз өскөн жапыс терскен.

Ойлойсун алар кандай жашашат деп,

Аллахым берекени төгүп берген.

 

Сары-Кол кышы узун,жазы кыска,

Кокту колот толуп турган таза сууга.

Аккан сууда батпай турган балыктары,

Кудайымдын берип койгон байлыктары.

 

Сары-Колдун айырмасы башка жерден,

Түтөгү бар,жери бийик,

Өсүмдүк өспөйт деп,таң калбагын.

Тоолору толуп турган кийик

 

Эр Манастын доорунда

Ак Балта жердеген жер экен.

Кой топозун төлдөткөн

Сары-Колчу эл экен.

 

Абдилрашид Небрехожоев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.