Сагындым сени Памырым

Sag seni Pamyrym 1Сагындым айлу түндөрүн
Ак сөөлмөк ойноп жүргөнүм
Балалык өткөн күндөрүм
Сагындым сени Памырым

 

Кой аралап оттогон
Кийиктер келип токтогон
Котозу жатып жошогон
Кызыл жашыл гүлдөгөн
Сагындым сени Памырым

 

Улуган түндө бөрүсүн
Сүзүлүп учкан жорусун
Тарпка конгон гажырын
Көбүргөн дана тамырын
Жазында жаган жамгырын
Сағындым сени Памырым

 

Ышкырган тоодон уларын
Sag seni Pamyrym 3Шаркырап аккан суларын
Жөргөмүш козу кулагын
Буралып өскөн туланың
Чүкүрү жеген кумарын
Сагындым сени Памырым

 

Кышы менен жазыны
Суу бойлоп учкан газыны
Бахары менен күзүнү
Пайга тала түзүнү
Бүт жеринин үстүнү
Сагындым сени Памырым

 

Агарып аткан таңыны
Sag seni Pamyrym 4Паркырап тийген айыны
Рахманкулдай ханыны
Кембагалы байыны
Сагындым сени Памырым

 

Жашөсү кату болсада
Ток болсокта хош эдек
Ач болсокта хош эдек
Ата бабам өскөн жер
Ата бабам көмгөн жер
Кышто жайлө күздө деп
Жылында үч жол көчкөн жер
Киндик каным төккөн жер
Sag seni Pamyrym 2Бир жолу барып көрсөм дейм
Сагындым сени Памырым

 

Yusuf Keskin

УЛУ ПАМИР

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.