Памиримди сагындым

Памиримди сагындым

Аска тоолуу Памиримди сагындым,
Алыстаткан тагдырыма таарындым.
Алыс Чүйдү, Талас, Ошту айланып,
Арман жашым элүү ашып карыдым.

 

Бийик тоолуу Памиримди сагындым,
Билинбеген түйшүктөргө кабылдым.
Бийик жерден төмөн жерде кыбырап,
Бажырайган кары-жаштан айрылдым.

 

Эгиз бийик Памиримди сагындым,
Эли-жерим, тууган-урук жакыным.
Эсил элим, эсил жерим ой баскан,
Эмне деймин кайгы баскан тагдырым.

 

Күн да өтөт билинбестен айланып,
Куу турмуштун чылбырына байланып.
Кайгы түшүп кайран элим кор болуп,
Кайсы бирин, кайсы бирин айталык.

 

Халил Мурзахматов

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.