Памирим

Памирим

Жер элең атагың жок дайының жок.
Турчу элең эч бир жанга керексиз окшоп.
Кыргыздан башка элдер мында келип.
Калган эмес мекен кылып сага токтоп.

 

Памирим жериңде бар толгон байлык.
Билинет билимдүүлөр табат анык.
Сендеги нур лахал толгон байлык.
Элине көп жаңылык берет анык.

 

Памирим тоо таштарың жаңы болот.
Жериңе эсеп жеткис байлык толот.
Элиңдин үйү сайын башы сайын.
Күн санап эсеп жеткис бакыт конот.

 

Памирим сен жаңырсан сүйүнөбүз.
Биз сенин жылуу жумшак үйүңдөбүз.
Көрө албас душман сени жаман десе.
Ичибиз өрттөнгөнчө күйүнөбүз.


Кимдерге өз энеси сулуу эмес.
Кимдерге эли жери улуу эмес.
Эгерде памирликтер макул десе.
Аларга бергим келет мындай кеңеш.


Окубай билим албай байлык келбейт.
Памирим мына ал деп алтын бербейт.
Памирдин ички сырын ачыш керек.
Ал үчүн билим алып басыш керек.


Чындыкты айтыш үчүн рас керек.
Памирге келечекте врач керек.
Педагог инженерлер берет жарык.
Памирге көп илимдер керек анык.


Тоондон ылдый карап келгибиз жок.
Кумуңду башкаларга бергибиз жок.
Тоолорун таштарын көрүп турсак.
Кубанган жаш баладай көнүбүз ток.




Pamirim AGГулдар Алимсеитова

Мургаб - Ош

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.