Нуркап жери

Күн нуру каптап турган жапыз тоосу,

Акактай тунук аккан дайра суусу.

Кылымдап тартуу болгон Сарыколума,

Нуркап жери элимдин бийик туусу.

 

Бабалар көчпөй конбой мекендеген,

Жашоонун ыракатын тапкан сенден.

Байлыгы асыл таш, аркар кулжа,

Дүйнөнүн эң чокусу Нуркап экен.

 

Кыргызча атап дайым Нуркап дейли,

Дайыма жашоо үчүн кенен пейли.

Душманга баш ийдирип кор кылбаган,

Элимдин өзгөчөлүү кен бейиши.

 

Койчубай Небрекожоев

Мургаб району Токтомуш айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.