Мургабым

Murgabym

 

Мургабым

 

Мургабым ыйык жеримсиң.
Ууздай ак кенен торумсуң.
Раңдуу сулуу зоолоруң.
Гүл болуп көппкө көрүнсүн.
Ак калпак кийген элимдин.
Байлыгы жалгыз өзуүңсүң.

 

Тоолоруң тоого уланып.
Тоо беттеп аркар чубалып.
Түндөп мен анга чыкчуумун.
Таңкы отуң күтүп кубарып.

 

Түнүндө кошо түн болуп.
Таңыңда кошо таң болуп.
Тамтаңдап сенде көп ирет.
Тайларың куугам тай болуп.

 

Тоолордун басып үстүндө.
Зоолордун жатып мизинде.
Чоңойгон экенмин чындап.
Жер эмес асман ичинде.

Күн нуру

 

Күн нуру жакын тийген.
Чыйралып нурга күйгөн.
Мургабым ыйык жерим.
Инсанмын сени сүйгөн.

 

Себебин айтсам сенден.
Күндү жакын көрүптүрмүн.
Ай алыс болмок беле.
Ай бетин өбүптүрмүн.

 

Күн жүздү карартат дейт.
Мен андай карарбадым.
Себеби күндүн нурун.
Шимирип ичкен жанмын.

 

                     -//-

 

Мераж Теитбаев
Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.