Мургабым (ыр жыйнагы)

Мургабым (ыр жыйнагы)

Мугалим

Жашоого жол көрсөтүп багыт берген

Талыкбас акыл эмгек сөзү менен

Билимде бийиктикти, урмат сыйды

Табышкан ак эмгектен маңдай терден

 

Келечек ээлерине берип билим,

Эмгектен көрүп дайым элдин сыйын

Билгенин үйрөтуүүдөн айанбаган

Ачкычы келечектин мугалимим

 

Апакем

Апаке ыйлабаңыз бактылуусуз,

Ардайым жүрө беринң кайгы муңсуз.

Албетте мактоолор бир Аллага,

Андан кийин сизда ага татыктуусуз.

 

Апаке эч убакта кайгырбаңыз

Капа кылган адамдарга таарынбаңыз.

Анткени аларды да капа кылат,

Эч кимге эч убакта жалынбаңыз.

 

Апаке сыноолорго багынбаңыз,

Таш аткан сөздөргө чагылбаңыз.

Жер карабаң эч ким сизди басынталбайт,

Анткени балдарыңыздын жанындасыз.

Мургабым

Мургабым сага болгон сагынычым

Көк тиреген аска зоодон бийик

Сезбептирмин мынчалык сагынычты

Бекапар айылымда ойноп журуп

 

Кооздугу ажарын ачып турат

Мургабымдын суугун да шамалын да

Чайыттай ачык күнүң да, бүркөлгөн кабагың да

Туйбасатан ойноп жүргөн бала курак

 

Жаркылдап жакут таштай

Жымындап дарыясы агып турат

Улуу көч бараткандай тоолор менен

Тоолору көк асманды тиреп турат

 

Кең пейил мейман дос эли менен

Берекелүү кут төгүлгөн жери менен

Байлыгы, табигаты кени менен

Сыймыктанам Мургабым сени менен

 

Рахат Кушмаматова

Мургаб - Исфана

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.