Майрамдык бет: “Ыр саптар” (1985)

Эсимде сенин ырларың

Сүйөм деп сүйкүм карашып,

Бир басып ыктап жанашып.

Ырахмат айтып жаштыкка.

Келечек күнүн самашып.

 

Өткөрүп жаштык күндөрүн.

Бирге үзүп талаа гүлдөрүн.

Окшошуп чолпон жылдызга,

Ырахаг алып күлгөнуң.

 

Келтирип мукам ыргагын,

Мен үчүн арнап ырдадың.

Перизат сындуу жан элең.

Эсимде сенин ырларың.

 

Чагылган түшүп чагылып,

Кеткенсип жүрөк жарылып.

Айтпастан сырдын түйүнүн,

“Кош” дебей кеттиң тарынып.

 

Жубайы болуп бирөөнүн,

Тамырлаш согот жүрөгүң.

Түбөлүк сага кааларым,

Бирге үзүш сүйүү гүлдөрүн.

 Хожоилим Калмурзаев

 

Өсө бергин

Мургабыма сыймыктанып алыста мен,

Мекенимде милдет өтөп турамын.

Көз алдымдан элестериң чубурат,

Аличорум, Сары-Колум, Мургабым.

 

Убакыт өтөт экен учкан куштай,

Өзгөрүпсүн кечекиден бир далай.

Күбө болуп калат экен өсүшүңө,

Тээ тиги ак кар кийген боз чокулар.

 

Тынчтык, бакыт коно берсин колуңа,

Өсө бергин улуу Ланин жолунда.

Жана дагы өсө бергин даңканып,

Көрктөнө бер коммунизм койнунда.

Дүйшөн Жакыпов

Мурманск областы

Оленегорск шаары

Күндүн нуру

Күндүн нуру төрөлдү,

Нурга чайпап бөлөдү.

Уясында уктады,

Учуп тышка чыкпады.

 

Күн нурунан шимирди,

Ай нуруна киринди.

Темир канат жетилиди,

Сары тумшук балапан,

Уясына секирди.

 

Күүлөп канат эргиди,

Боюн жазып сергиди.

Нурдан бүткөн канаты,

Күндүн жылуу абасы.

Түн киргенче ойноду,

Күн нуруна тойбоду.

 

Эркиндин түшү

Эрте менен ойгонуп,

Энесине түш айтты.

Эркин улам ойлонуп.

- Канат бүтүп денеме.

Кайкып учтум асманга

 

Зуулдадым тим эле,

Кезек келбей басканга

Айгыңызчы “чон эне”,

Деги өзү бул эмне,

- Түшүң жакшы берекем.

 

Эки канатың ата-энең,

Көккө учуп чыгышың.

Келечегиң кең экен,

Мыкты окуп эр жетсең.

Жолун ачат кең Мекен.

М. Кудайбергенова

Мичуринск шаары

 

Энелерге

Ыйлап-ыйлап анан кайра сооронуп,

Өскөн элек этегине оролуп,

Бөлөп арча бешикке сен терметсең,

Ак сүтүңдөн азыктандык төрөлүп.

 

Борткону этиятгап байлаган,

Ымыркайга жаны күйүп кыйналган.

Биз күлгөндө чарчаганын унутуп,

Энелердин жүзү дайым жайнаган.

 

Берип багыт турмушуна баланын,

Энелерге кулак төшөп карагын.

Ачкан алар түйшүк, кыйын күч менен,

Күлкү, бакыт жашоо күндүн барагын.

Канатали Пахиров

 

“МУРГАБ КОММУНИСТИ”

1-май 1985-жыл

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.