Өмүр кайрыктары

Өмүр кайрыктары

Өмүрдө өксүгөн бар, кубанган бар

Өмүрдүн ачуусуна чыдаган бар

Бирде өмүр капалантып, кайгыртса да

Бирде өмүр таттуусунда берери бар

 

Өмүрдүн жаманы бар, жакшысы бар

Жашоонун берилүүчү сыноосу ал

Сабыр кылып, сыноолорун жеңе билсек

Жараткан жакшылыгын тартуу кылаар

 

Жалган дүйнө убарага сала берет

Адамзат күн өткөнүн сезбей келет

Бир күнү ажал келсе, эч байкатпай

Алдырып баарын таштап кете берет

 

Оомал токмол бул дүйнөдө кээ бирөөлөр

Түбөлүк калуучудай жашап келет

Опасыз бул дүйнөдө кимдер калды

Өмүргө бир күн келип бир күн кетет

 

Адамзат бул дүйнөгө тойбой келет

Кылым жашап койсо тойдум дебейт

Ааламды тегиз билип кыдырса да

Эч качан буттум эми көрдүм дебейт

 

Бийлигин амалын да бир күн калат

Ал сага эч бир жардам бере албайт

Күнүн бүтүп ичээр суунун түгөнсө

Кыйындыгын сени алып калалбайт

 

Жакшылык кыл көбүрөөк бой көтөрбө

Адамдардын өң түсүнөн бөлүштүрбө

Сени сыйлап мамилесин түздөсө

Сен өзүңдүн терс жагынды көрсөтбө

 

Ошондуктан жалган жашоо дегим келет

Өмүр өзү адамзатка бир келет

Өтөр кетер бул армандуу дүйнөда

Сыйлашалы андан бөлөк не керек

 

Эркеайым Мамытова

Мургаб-Бишкек

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.