Классташтар

Классташтар

Окуп жүрдүк ойноп күлүп шарактап.

Он жыл бою китеп бетин барактап

Миң тогуз жүз сексен бештин жайында

Тарап кеттик онунчуну аяктап

 

Эске түшсө ошол мезгил кылт этип

Жүрөк чиркин сайгылашат зырп этип

Оттой жанган окуучулук күндөрүм

Өтүп кетти көз ирмемдей жылт этип

 

Келип калдык мына быйыл эллүүгө

Чиркин өмүр кетип барат кырды ашып

Классташтар сагынычты таркатып

Отурсакчы жарым саат сырдашып.

 

Нурмухамед Болотбеков

Мургаб - Кара-Балта

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.