Калкым менин

Калкым менин

Калкым менин кубанычым намысым,
Калкым барда жакындаган алысым.
А мен учун эч кимиси жат эмес,
Ага-ини, карындашым, таанышым.

 

Калкым менин досторум да, балдарым,
Калкым барда болбос менин арманым.
Калк ичинде камырабай жүрөмүн,
Кут нуруна чөмүлүшкөн ар жагым.

 

Эл четинде, жер бетинде жүрөмүн,
Мен да өмүрдүн жаш учурун сүйөмүн.
Жүрөгүмдүн жалындары алоолоп,
Эл, жер үчүн ар убакта күйөмүн.

 

Халил Мурзахматов
Мургаб району
"ПАМИРИМ"

 

 www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.