Кадыр Айткул уулу: "Тоолор жөнүндө ода" (ыр саптар)

Ишке ашпаган кыялдар

Бала кезде баарын билсем дечүм,

Бүт сырларын бул табышмак дүйнөң.

Баарын эмес, билалбадым четин да,

Кайдан билдим тагдыр башка сүйлөрүн.

 

Бала кезде баарын алсам дечү элем,

Өзүм билбей не алып, не коёрум.

Адам көзү тойбой жүрүп бир күнү,

Билбептирмин топуракка тоёрун.

 

Бала кезде баарын жеңем дечү элем,

Өзгөнү эмес өзүмдү жеңе албадым.

Мүңкүрөдүм, жан дүйнөмдү кирдеттим.

Билбей калдым тагдыр айдап алганын.

 

Бала кезде токтоо болсом дечү элем,

Бир ооз ачуу сөзгө чыдай албадым.

Кантип чыдайм уудан заар ушак сөз,

Түшүн тууган, жан дүйнөнүн арманын.

 

Бала кезде калыс болсом дечү элем,

Калыс эмес. туура бопо албадым.

Жалтаңдадым калыс сөзүм айталбай,

Пендечилик алсыздыктан кайталбай.

 

...............................................

...............................................

...............................................

...............................................

 

Таазим

Даркан Чүйдүн Каптал деген айылы,

Алыкул аттуу ыр пирини тууптур.

Атайылап музейине мен барсам,

Ташка айланыл мени карап туруптур.


Оо, Алыкул аз жашадың көп жаздьң,

Тагдыр сени басмырласа карабас.

Анын сенде бүтпөс өчү бар беле,

Сени улам кыйнагандан тажабай.


Ар бир сабың жепге кошуп тараптыр,

Ар бир кыргыз жүрөгүкө, дилине.

Балалыгым өттү жаттап ырларың,

Алыкул аттуу ыр деңизга кирине.


Тоолор жөнүндө ода

Көпкө жүрдүм апыс жакта өзүңдөн,

Карааныңдан кагылайын тоолорум.

Кайтканымда ичке батпай сагыныч,

Кучак жайып тосуп апды зоолоруң,

 

Too боорунда берекенин баары бар,

Алтын, күмүш, жакут андан табылар.

Айлаң кетсе тоо таянып кеткин деп,

Бекеринен айтышпаптыр карылар.

 

Өспөйт буудай, мөмө-жемиш сенде жок,

Бирок тоопук жашайт дайым көөнү ток.

Ону келсе онуна тең кой сойгон,

Мейман дос эл, эч бир жерде мындай жок.

 

Кыйалы тоолор мүнөз бир сырдуу,

Мөңгү сымал ак сакалы нурданып.

Бул карыда акылмандык, айкөлдүк,

Калганбы дейм ширетилип, куралып.

 

Бул ааламдын башталышы тоолордон,

Аруулукка, улуулукка чулганган.

Боорунан ийип чыккан мүрөк суу,

Канча жандын ырыскысын улаган.

 

Аруулукту күн нурунан алганбы,

Сулуулукту булут таштап салганбы.

Дүйнөдөгү сулуу кыздар тоодо зэ,

Жылдыздардан сулуулуктар тамганбы?

 

Беш миң метр бийиктиги тоолордун,

Учуу үчүн көп даярдык керектир.

Ишенгениң дал ушундай бийикте,

Too балдары улак тартып жүрүптүр.

 

Мургаб району

Шаймак айылы

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.