Өкүнүү

Өкүнүү

Баркынды билбес жанга байлаганча,

Кайгы тартбай жүрө бергин жалгыздыкта.

Кырчындай өмүрүңдү кор кылбастан,

Башканы өкүнбөстөн сүйүп жаша.

 

Жакшы сөз, дайым сага арнабаса,

Сени аяп сезимиңди баалабаса.

Кыйналып сыздай бербей басып кетчи,

Кылычы кылчактатбай муунтса да.

 

Өмүргө бир келген соң адам болуп,

Өкүнбөй жашап өтүү жакшы жорук,

Ыйлатбай сезимдердин баасын билип,

Жан дүйнөң туйлап турсун кутка толуп.

 

Бутуңду эгер сенин тушап турса,

Акырын жигин издеп чечип ташта.

Арманда, ыйлап өмүр өткөргөнчө,

Кайрымсыз махабатты кечип ташта.

 

Эркеайым Мамытова

Мургаб-Бишкек

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.