Дүйнө көрдүм, эл-журт кездим бир далай,
Дым дарексиз өмүр өттү бир ганай.
Дүнүйөдө кымбат нерсе эне экен,
Эне тутка өмүрүнө жыргал ай.
Ширин шекер алтын сөзү энемдин,
Кубат алып мен кайрадан төрөлдүм.
Март майрамың куттуу болсун энежан,
Жаз айына мен да кошо бөлөндүм.
Эне тилим, эне журтум жүрөктө,
Эскеремин балалыкты мүнөткө.
Жаз айындай жайнап туруң энежан,
Картайдым деп капа болуп жүдөтпө.
Уул-кызың, неберелер жайнаган,
Урматтуусуң эне бизге кайрадан.
Улар тоодо, бакта булбул үн кошуп,
Энежан деп, энежан деп сайраган.
Халил Мурзахматов
Мургаб району 1990 ж
www.sary-kol.ru