Элим аман бол

Элим аман бол

Ак калпакчан Аска тоодой элим аман бол.
Төп сүйлөгөн эл кадырын бегим аман бол.
Көргөн күнгө таң калбаймын тагдыр ушундай,
Кең Чоң-Алай, Сары-Колум тегим аман бол.

 

Эл караган, журт караган өртүң аман бол,
Гүл чайпалган келин-кыздар селкиң аман бол.
Too суусундай шаркыраган коошуң аман бол,
Тели-теңтуш, жоро-жолдош досум аман бол.

 

Насыйкатты көп сүйлөгөн карың аман бол,
Неберелер, чөбөрөлөр баарың аман бол.
Баарыңарга бул дүйнөдө чоң тилегим,
Бала-барка кыз-келиндер, жарым аман бол.

 

Ордолуу Ош, Памир, Алай төрүм аман бол,
Манас журту ак калпакчан шериң аман бол.
Күн, Ай, жылдыз, көгүм асман аман бол,
Алла-таала чын жараткан жерим аман бол.

 

Халил Мурзакматов

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.