Ө.Бердибаев: "Сары-Колдо оорубасын эч бир жан" (ырлар жыйнагы)

Сары-Колдо оорубасын эч бир жан

Жыл санап жылган мезгилде,

Жылоолоп кендир кесилсе.

Жылгадан жылбай отурган,

Жылытып үйүн кечинде.

Ойуну онго бөлбөгөн,

Короолоп койу төлдөгөн.

Илгертен эле журтумда,

Вирустан эч ким өлбөгөн.

Ар кандай оор күндөрдө ,

Озунуп ташпиш салбаган.

Кысталып турган кезде да ,

Мойнуна чылбыр чалбаган.

Көңүлүн койуп иш кылган,

Нээтин буруп туш кылган.

Ойуну оңдоп дил түзөп,

Айлантып көккө куш кылган.

Кайгырып санын чаппаган,

Жалганды ойлоп таппаган.

Илгери кара тумоодо,

Делбирин түрүп качпаган.

Койгон дейт кулжа мүйүзүн,

Түндүктү карай түтөтүп.

Айланып түтүн турганда,

Ылаңды жойгон жүдөтүп.

Сарыколдо апаат болбогон,

Кудайым сүйүп колдогон.

Сибирди аяз басканда ,

Сарыколдо адам тоңбогон.

Көкөнбектей миң башы,

Башка жерде болбогон.

Орустар ууну жедирсе,

Миң башы мөгдөп соолбогон.

Кайрылып орус кеткенде ,

Эздирип курут жуткан дейт.

Кудайды бийик туткан дейт,

Акылгөй элим ушинтип

Азапты жеңип чыккан дейт.

Тектирдин башын тектеген,

Кырк Тажаал кууп жетпеген.

Кылымдан бери Сарыколдо ,

Кырылып эч ким кетпеген.

Көп сынооду өткөргөн,

Көзүнү ирмеп чөкпөгөн.

Ыйык деп тутуп кайберен,

Сөөгүнү сууга төкпөгөн.

Абийирин тутуп чектеген,

Күүгүмдө күлдү кечпеген.

Күрөшүп азап турганда,

Күйүткө чөгүп өтпөгөн.

Билгиси сыпаа баш болгон,

Жегени адал аш болгон.

Мергени багып айылды,

Устасы чебер маш болгон.

Кырк жылдап кыргын болгондо,

Ажалсыз чымын өлбөгөн.

Суукта короодо эчки төлдөгөн,

Булактын көзү тоңбогон.

Бул жакта кырсык болбогон,

Каректей жасап Жан Эгем.

Канаты менен коргогон,

Элимде санаа болбосун.

Оргуган суулар соолбосун,

Жараткан өзү жар болуп.

Ооруган эч ким болбосун,

Ооруган бир жан болбосун

 

Жылдыздан кайыр сурап

Жалгыз турам жылдыздан кайыр сурап,

Жөнөтчү деп ырыма кайрык улап.

Өчпөстүгү дилиме жуурулушуп,

Жазайынчы көл кылып тамчы курап.

Бүгүн мага жалгыздык жагып турат.

Жалгыз турам ааламдан кеңеш сурап,

Жансыз турам асмандан төмөн кулап.

Аруу таза ой артып ,ыр жазайын,

Кыяматка өчпөгөн өмүр улап.

Бүгүн мага жалгыздык жагып турат.

Жалгыз турам эсим жок чогулалбай,

Ызгаар суук сезимди тоңдуралбай.

Үмүт артып жүрөмүн максатыма,

Бутагыма жакшы ырлар кондуралбай.

Бүгүн мага жалгыздык жагып турат.

 

Аруулануу

Көпкө тиктеп көктөгү топ жылдызды,

Чексиз аалам шыбырыны угупмун.

Жандуулардын арасында кыбырап,

Жандүйнөмө учкундарын уюттум.

 

Көпкө карап сүттөй айга суктанып,

Аруулуктун тамчысына жуундум.

Сезимимде жаман ойдон арылып,

Ыр дүйнөгө бир жаралып туулдум.

 

Ошол түнү түпсүздүккө таралдым,

Ак дүйнөгө аруу болуп баралдым.

Үмүт менен максат коюп алдыма,

Ыр сабында адам болуп жаралдым...

 

Жылдарымсың

Жаштыгымда жашынган кырларымсың,

Сезимимде катылган сырларымсың.

Жылт этип жылдыздардай жанып өчкөн,

Сен менин жоготулган жылдарымсың.

 

Ырдасам ырларымдын ыргагысың,

Кызарып батаар күнүм нурларысың.

Жүрөктө түбөлүккө жашай берчү,

Сен менин коротулган жылдарымсың.

 

Кыялап кумда баскан издеримсиң,

Өткөргөн өмүрүмдүн тизмегисиң.

Жүрөктү чертип турган кылдарысың,

Сен менин кош айтышкан жылдарымсың.

 

Жан дүйнө

Өмүрлөрүм өтүп жатат мүнөткө,

Тирүүлүгүм алмашылат сүрөткө.

Жан дүйнөмдөн жазайынчы ыр курап,

Койо турчу бүтпөс түйшүк жүдөтпө.

 

Жашоо күнүм алмашылат саатка,

Тагдыр ташым салынбаган калыпка.

Койо турчу убайымдуу тирүүлүк,

Ыр жазайын өчпөс кылып тарыхка.

 

Чарк айланып секундтарым токтобойт,

Жаштыгымды мезгил өзү ноктолойт.

Жарты кайрык калтырайын жашоого,

Ансыз мени аруу дүйнө жоктобойт.

 

Мен атамдан бүгүн дагы айрылдым

Сөзүнү туура сүйлөгөн,

Жалпыны өргө сүйрөгөн.

Атамдай көрүп жүргөнүм,

Асылым өттү дүйнөдөн.

Ак тонду кийип жаркырап,

Уазды минип паркырап.

Каймагы элең калкымдын,

Чолпондой жанган шам чырак.

Дөөлатти берген кудайым,

Ооматы бурган суудайын.

Аралап басып көп элди,

Аскага сайган туудайым.

Жактырып сүйгөн жан Эгем,

Баарына тегиз жан элең.

Билгенге таза дил күткөн,

Билектей камчы сап элең.

Эмгеги менен даңкталган,

Үзүрүн көрүп макталган.

Акыбети кылган ишинин ,

Чарбага чарктап сапталган.

Торпокту багып көбөйтүп,

Топозду жүздөп төлдөтүп.

Аянбай кылган ак эмгек ,

Маңдай тер төккөн көлдөтүп.

Марага күлүк чабылып,

Депутат болгон таанылып.

Сыймыгы болгон Сарыколдун,

Атагы чыгып таанылып.

Кош ооз мылтык көп аткан,

Кош Агыл жакта көп баскан.

Чер жазып күлүк ат чапкан,

Чеш Дөбө жакта көп баскан.

Ийри Кыяк Кызыл дөң

Пычагың калды дат баскан.

Текени аткан өңөрүп,

Төөгө жүктөп чөгөрүп.

Кереге Өтөк Шакарак ,

Изиңе чыгаар чөп өнүп.

Жашарган жайык көк шибер,

Жашыл уаз мингеним.

Жарашып сөзү ишине,

Күн элең тегиз тийгеним.

Өстүрдүң уул окутуп,

Күлүккө шалча токутуп.

Ак көңүлүм табылбас,

Конокко төшөк олпутуп.

Кумдарга баскан из калды,

Артыңда жакшы сөз калды.

Кыялап баскан кыр калды,

Калкыңда улуу сыр калды.

Кудайга жакын жан элең,

Артыңда кыраң түз калды.

Куранды окуп оодарган,

Аалымдай элең кымбатым.

Шарият жолун жат билген

Ак молдом элең урматым.

Эли журтуң артыңда

Жолуңду улап түзөтөөр.

Үйүңө келген конокту

Уул кызың күзөтөөр,

Алладан дуа кыламын.

Жайиниз болсун жаннаттан,

Сугарылган дилиңиз парз амалдан сүннаттан.

Сооп берет жараткан ,

Эл журтка кылган кызматтан.

Унутпай эстеп жүрөмүн,

Атамды көргөн атамсыз.

Жылдыздай жанган көктөгү,

Жадымда калган адамсыз.

Жылт этип жанган бийикте

Эсимде калар адамсыз.

Молдобаев Нажи

аяштама арнадым


Кыялдануу

Миң кыялда бириге албай ачылам,

Бириндеймин майдаланып жанчылам.

Жерге келип согулганча туптунук,

Мөөнөтүм аз мөлтүрөгөн тамчыдан.


Сан кыялда сапырылып төгүлөм,

Көл толкуса көбүктөнүп бөлүнөм.

Кеч күздөгү жалбырактын өңүндөй,

Сезимимде саргайынкы көрүнөм.


Бир сезимде жашайт бирок бир үмүт,

Жашоодогу түйшүктөргө сүрүлүп.

Көл толкуса артка карай тартылып,

Көл тартылса кайра алдыга түрүлүп.

Кыялымда жашайт үмүт түрүлүп.


Эптеп таңды атырсам үйгө жетем

Ээн талаа эски там ээси жок,

Эшигини шамал тартып жулкулдайт.

Кум учурган кызыл куюн албуут,

Үлүңдөгөн үмүттөрдү кулпулайт.


Кеч күүгүмдө жолоочумун жалгызмын,

Ээн тамда эрмеги жок жансызмын.

Эш туткан ой эптеп таңды атырсам,

Көптүн бири жол улаган сансызмын.


Ээн үйдөн эптеп таңды атырсам,

Эшигине эки ташты бастырсам.

Эс тутумда эптеп деген ой менен,

Чыккан күндү эптеп тоодон ашырсам.


Ээндиктен кош деп айтпай кеткенмин,

Эрк күчүм бар максат ойго жеткенмин.

Көп кызыктуу күндөрүмдү санабай,

Ошол түндү кайра келет эстегим.


Түңүлбөдүм

Белде туруп белим деп бүгүлбөдүм,

Жан далбастап өзүм деп жүгүрбөдүм.

Үмүтүмдү жар тутуп таянарга,

Шыбагамдан максатсыз түңүлбөдүм.


Кырда жүрүп жонум деп сыздабадым,

Жалынымды өчүрүп муздабадым.

Жандүйнөмдө жаңырып ырлар турду,

Адамдыктан алыстап узабадым.


Жазмышымда аздыр көптүр кыйналдымбы,

Ташыркай тагдырымда чыйралдымбы.

Турмушта берееримди берип туруп,

Өмүрдөн кайрып алдым жыргалымды...


Өскөнбай Бердибаев Орто Азия

жазуучулар союзунун мүчөсү

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.