Ашым мерген

Ашым мерген

Сары-Кол, Сары-Өзөндөн,

Санаксыз аркар аттырган.

Ак-Суу, Бахбур-Атадан

Ашым мерген даңк алган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аскадан учкан кыргыйсың,
Ак-Аркар көрсөн ыргыйсьң
Аттарга өңүт жыт издеп
Артынан түшүп зыргыйсың,
Тектирден түшкөн кыргыйсың
Текени көрсөң ыргыйсьң
Тоо-ташта жүргөн жолборстой
Ашым мерген азамат
Алдырбайсьң мыкчыйсьң
Сары-Кол, Сары-Өзөндөн,
Санаксыз аркар аттырган.
Ак-Суу, Бахбур-Атадан
Ашым мерген даңк алган.
Айылын багып эт чыкка
Аркардын этин катаган.
Аркар, кулжа, эчкини
Аталбай калса жатпаган.
Аюу менен жолборсту,
Чатып келген бул мерген
Аркар, кулжа, эчкини
Атып келген бул мерген
Кундуз менен суусарды
Чачып келген бул мерген
Шумкар салып түлкүсүн

Ачык терген бул мерген.
Аска- тоонун далайын
Ашып келген шыл мерген.
Астындагы боз жорго,
Айттырбай кирет чоң жолго.
Ак карлуу аска тоолордон,
Ашып барат оң - солго.
Кийикчи эки ити бар.
Көк серек менен чок серек.
Жолгодон калбай эркелеп
Ал, ал кайтар дегенде,
Жымырап желдей жылт берет.
Тагарманын Тал-Мазар,
Талааны боп-боз чаң басат.
Такымдатып чуу койгон,
Такымдап чыкты көп аттар.
Тагылык, Кызыл-Баштардан,
Дат-сөзүн укпай какшатар.
Ороп келип Ашымды,
Ороңдоп көзүн чакчайтар
Калмактан чыккан карга баш.

 

Жакшы менен жаманды.
Жаалы келсе карабас
Жашынын да карынын
Кашык канын аябас.
Эл-жериңди караган.
Элден чыккан шылсыңбы.
Улутуң ким, атың ким,
Айтып бергин журтунду.
Баатырсыңбы, кулсуңбу,
Чеченсиңби,күүсүңбу.
Чегирткедей бөлүнгөн.
Чээнден чыккан шумсуңбу.
Баатыр да, кул да эмесмин
Элимден кайгы жебесмин.
Чечен да, шыл да эмесмин
Жеримден кайгы жебесмин.

 

Кыргыз тейит эл болот.
Каргабаш мынча эгештиң 
Бек-Арстан кулак салып угуп тур.
Кашкардан чыккан төрөсүн
Тал-Мазар менен Таш-Мазар
Тагылык элге мөмөсүн
Ойюңду билбейм Каргабаш.
Достук жол менен келерсиң.

 

Мен кул дагы сен хансың,
Хандыгың менен улуксуң.
Эсиң барда кайт ханым.
Хан кыргыздан куруйсуң.
Айрылып эли журтуңдан
Карышкыр болуп улуйсуң.
Атырылтып теминип,
Камчы салды керилип
Карга баштын каарынан,
Качкан жок Ашым керилип.
Карсылдап тийген камчыдан,
Кан чекеден төгүлүп.
Айтса айтпаса төгүнбү,
Түбүмө акыр жетээр деп.
Кулу коркпой кутурган.
Кабылан айбарт экен деп.
Болуптур баатыр кол ачык.
Ханына кабар салгын дейт.
Кыргыздардын кутурган.
Кулунун башын жардым дейт.

Аттын башын чуу коюп,
Элге кабар жетти дейт.
Жансарык хан алдында.
Түгөл айтты кепти дейт.
Эр-Көкүлгө чабарман.
Элден мурун жетти дейт.
Атка чапсаң аз кыргыз.
Каргабаштын көп колун.
Качырышып өттү дейт.
Каргабаштын Найкарак,
Такымга тартып кайкалап.
Кыйының чык канна деп,


Кан майданда чалкалап.
Ашым мерген чыгыптыр,
Алышып ойноп туруптур.
Ары- бери чаптырып
Азыраак оюн кылыптыр.
Тоодой болгон Найкарак,
Торгойдой Ашым илиптир.
Тозута чаап башыны,
Курсагын жара тилиптир.


Төрт үйлүү кыргыз экен деп,
Төрт миңи келген экен дейт.
Тал-Мазар кыздын тамчы кан
Кусуру урган бекен дейт.


Каргабаш менин атым деп,
Кангай Тагылык ичиңде,
Кызыл-Баш менин затым деп.
Малабай, Борбук ханыбыз,
Баш ийген кыргыз макул деп.
Алкынтып жүрөт маңдайда.
Абжырын келгин жакын деп.
Ашым мерген Каргабаш,
Ат салышып мөнкүшет.
Каргабаштын кара аты.
Кайраты кетип бак тушет.
Мойнунан ашып атынын,
Каргабаш кайран чөк түшөт.
Алам деп келген Каргабаш,
Алалбастан жер сүзөт.
Ашым мерген турсунбу,
Айлантып ороп чылбырды.
Алаңдаган Каргабаш,
Ары-бери жулкунду.
Ак чылбыр кыйып колдорун,
Тагдыры жаман кырылды.
Дагар-Дөө деген олугуп,
Ашымды келди качырып.
Ашымдын башын чабам деп,
Өз атын чапты шашылып.
Ашым мерген астында,
Дагар-Дөө жатты жанчылып.
Найкарак өлүп, Каргабаш,
Дагар-Дөө жатат жан далбас


Карсылдатып камчылап,
Чапкан ханым аманбы.
Бөдөнөдөй бүрүшүп,
Жаткан ханым аманбы.
Карышкырдай кылчылдап,
Качкан ханым аманбы.
Эсиң барда кайт дедим,
Тоготподуң адамды.
Эсиңе сенин келтирип,
Эр-Көкүл берсин жазаңды.
Ашым мерген кыл мерген,
Атактуу тейит чын элден.
Кулжалы менен Текели,
Куушуруп келген чоң белден.
Кыл-кырда жүрөт кыйкырып,
Кыл күрөн минген шыл мерген
Көк-Серек менен Дагар-Дөө,
Каргадай башы кыйылды
Калмак менен Тагылык.
Кол куушуруп сыйынды.


                   -//-

 

"ПАМИРИМ"

Халил Мурзахматов

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.