45 жылдык куттуктоо (1973 - 2018)

45 жылдык куттуктоо (1973 - 2018)

Он жылы бирге окуган

Кымбаттуу менин классташтарым

Көз ачып жумгуча

Картайдыкпы кымбаттарым

 

Топтошуп алып топ чапкан

Ойлоймун ошол күндөрдү

Бирге отуруп партада

Сыйлашып бирге жүргөндү

 

Классташтар эстен кетпестен

Жүрөгүм сыздайт эстесем

Жүгурүп ойноп жүрчү элек

Мектептен алыс кетпестен

 

Эске түшөт биз отурган парталар

Бизди окуткан эже менен агайлар

Келгилечи чогулуп курбулар

Эскерели окуучулук күндөрдү

Өтсө дагы бир топ жылдар арадан

 

Биз картайдык жетимишке жакындап

Жаштыгыбыз бизден калды алыстап

Кут болсун 45 жылдык мааракенер

Арта берсин ырыскы берекеңер

 

Кенжебаева Багдагүл Турдиевна

Мургаб - Бишкек

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.