Жаныңызда жүргөн кишилерди баалай билиңиз !

Жаныңызда жүргөн кишилерди баалай билиңиз !

Жаныңызда жүргөн кишилерди баалай билиңиз! Ал тууганыңыз, жаныңыздагы өмүрлүк жарыңыз, досуңуз, сырдашыңыз, курдашыңыз ж.б. Ал киши бүгүн бар болуусу мүмкүн, эртең бар болуусу мүмкүн, аркы күнү бар болобу жокпу белгисиз?! Кийин ал сизден алыстап кетсе арман кылып калбаңыз.! Өмүрдө эч нерсени түбөлүк деп карабаңыз! Акча дагы, ал сизде азыр бар болушу мүмкүн, кийин жок болуп кетүүсүнө ким кепил?!

 

Жада калса, мен да, муну окуп жаткан сиз да түбөлүк эмеспиз! Тууганыңды, бир тууганыңды сагындыңбы, жай гана кабарын алыңыз, издеңиз, сагынып кеттим сени деңиз!

 

Атаке, апаке сиздерди абдан жакшы көрөм деп күндө смс жазыңыз! Кийин кеч болуп калбоосу учун сезиминизди убагында айтып үйрөнүңүз! Эч нерсе деле маанилүү эмес, акча, атак-даңк, мансап, байлык, сулуулук, менмендик, көкүрөк көтөрүү, машине, кымбат сотка, кымбат кийим, кымбат үй...```

 

```Болгону сезим эне-атага деген, сүйгөн жарга, балага, дос-курдашка, тууганга деген, өмүрүңүздөгү дагы башка кишилерге деген сезим маанилүү. Сезим – жакшы көрүү, сагынуу, издөө, ал киши үчүн айланчыктоо, боорукердик, мээрмандык, адалдык, достук ж.б. көп боло берет айта берсе...!

 

Сезими жок жашо бул бош жашоо! Кийин бармагыбызды тиштеп калбайлы! Эч кимди ачуулантпай, эч кимди жамандабай, эч кимге ачууланбай, кек сактабай, көргөндө сагына көрүшүүгө, ойноп-күлүп тамашалашып жүрүүгө эмне жетсин чиркин! Өмүрүбүздө акчабыз көп болгончо кулаганда сөз айтпай турчу, ооруганда жүгүрө турчу, ыйлаганда соорото турчу, муңайганда күлдүргөн, кыйналганда жардамдашкан, боорукерибиз, жаныбыздагы жакшыларыбыз көп болсун! Адамдарга сиз эмне берсеңиз алар сизге эки эсесин берет! Өзүңүз сыйлуу болгуңуз келсе, издөөсүн, сагынуусун кааласаңыз алгач ошол ишти өзүңүз орундаңыз Көөдөнүңүздөгү өзүмчүлдүктү тыйыңыз.``` *«Жазса өзү жазсын, издесе өзү издесин, мени эч ким издебейт, мен эмнеге аны издешим керек»* ```деп айтасыз билем.

 

Өзүн төмөн кармаган кишинин кадыры бийиктейт дешкен. Ооба, туура, адамдарды кубантууга, жакшылык кылууга, жылуу сөз айтууга аракет кылалы! Сиздин жылуу сөзүңүз анын бүткүл өмүрүн өзгөртөт чыгар балким?! Барды баалайлы!!!! Бул өмүр камчынын сабындай кыска!

Баарыңыздарга ийгиликтүү күн каалайм.

 

Сиздерди сүйгөн Ники Таджибаева

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены