Урматтуу кайрымдуу калайык-калк !

Урматтуу кайрымдуу калайык-калк !

27.03.2017-жылы Эшиев Муратали он жашар кызынын көздөрүн тез арада (1-2 айдын аралыгында) Россиядагы Федеров клиникасында операция жасатуу зарылдыгына байланыштуу ТР-нын Оли Мажлисисинин Улуттар жыйынынын депутаты, райондун төрагасы Жоошбаев Мурзабай Абилакимовичтин атына атайын арыз менен кайрылган. Буга чейин кызын көптөгөн шаарларда дарылатып, алар ушул көрсөтүлгөн даректи сунушташкан. Бул операция үчүн 40 000 (кырк миң) орус рубли талап кылынарын көрсөткөн.

 

 

Арызда: “...Өзүмдүн каражатым жетишпегендигине байланыштуу жардам берүү жагыңыздарды өтүнүп суранам. Кызым жаш, келечеги алдыда. Ушул наристеге кылган жакшылыгыңыздарды, хайри ихсаныңыздарды Аллах таалам кабыл кылсын! Алланын астында себеп болуп каларсыздар деген үмүт менен арыз ээси Эшиев М.”-деп жазылган.

 

Бул кайрылууну “Сары кол” гезитине да жарыялап коюну туура көрдүк. Анткени, ушул жардамга муктаж кызга чын дилинен жардам берүүнү каалаган кайрымдуу адамдар чыгып, сооп иштерин эстеп жана издеп жүргөн мээримдүү инсандар табылып жардамга келет деген үмүттөбүз. Анда эмесе сөз Сиздерде, урматтуу жердештер!

 

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены