Уламыштар: Кытай моло

Уламыштар: Кытай моло

Илгери Кашкарды Шин империясы басып кирген. Шин империясы деген мурда уйгурлар өзүнчө мамлекет болуп турган. Уйгурларды кытайлар басып киргенде, бүт мусулмандар көтөрүлүп аларга жерибизди бербейбиз дел согуш ачышат. Анда алардын (кытайлардын) жоокерлерине күчтөрү жетпейт, анткени алар абдан көп болушкан.

 

Ушул Орто азиядагы мамлекеттердин башкача айтканда өзбек, казак, кыргыз, тажик мамлекеттеринен да көп күчтөр барышкан. Бирок бардыгы жеңилет. Алар качып Кара-Көл, Ыраң-Көл, тараптар менен Аличор өрөөнүнө өтүшкөн.

 

Мына ушунда көп шейиттер Ыраң-Көл тараптагы Өгүзагыл ата, Инек агыл ата, Дастар ата бүт ушулардын атынан калган дешет. Булар ошол согуштагы аскер башчыларынын тоого качып, өздөрү калышканда ок тийип каза болушкандарынын аттары.

 

Кытайлар басып келе беришип Аличор өрөөнүнө Ак-балык атанын тушунда Абдикарим ата, Кожокарим ата деген жерлер бар булар дагы аскер башчыларынын атынан калган экен. Ошентип жүрүп отурушуп кытайлар ушул жерлерде кышташат. Апар Бурханидинди колго түшүрүшүп Жашыл-Көлдүн жээгине алпарышат. Ал жерге барганда Бурханидин: - "Элди кытайлардын колуна бербейбиз, бала чака, аялдар, карылар колго түшпөсүн" - дел төөлөрү менен ошол көлгө айдап Бурханидинди көлгө чөктүргөн экен. Мына ушунун эсебинен азыркы учурда, көлдүн алдында шаар бар, аялдар чыгып кир жууйт, төө боздойт, ат кишинейт деген уламыштарды айтып жүрүшкөн.

 

Андан соң, генерал Де Фу деген кытайдын аскер башчысы Тамдынын башынан узундугу беш алты метр болгон ташты таптырып аны көлгө түшкөндөргө сүйрөтүп алтымыш километрден алыс жерге алпарышып кытайча жазууларды жаздырып белги коюушкан. Ал жазуусу бар таш советтик убакытка чейин эле турган. Бирок азыр жок. Ошол таштын эсебинен бул жер Кытай моло дел аталып калган экен.

 

Кыркшейит

Ошол Кытайдын чоң молосун тартып келишкен кыргыздар азап чегишкенби, же кытайлар аларды өлтүрүшкөнбү белгисиз, бул жерде кандай болсо кырк адам шейит кетишкен экен ошонун эсебинен Булуң-Көл тарабындагы Кыркшейит деген жердин аты калган экен.

 

"САРЫКОЛ ЛЕГЕНДАЛАРЫ"

Мургаб-2007

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены