Убактылуу ТР жашоо үчүн келген КР жарандары жөнүндө

ubaktyluu-tr-zhashoo-ch-n-kelgen-kr-zharandary-zh-n-ndТажикстан Республикасынын Ички Иштер Министерствосу. N 28-/// 25.10.2017.

 

Аличор жамаатынын жашоочуларына

 

Сиздердин арызды карап чыктык.

 

ТР Өкүмөтүнүн 15-май 1999-жылдагы N: 218 " Чет өлкөлүк жарандардын ТРна кирүү жана ТРнын жери аркылуу транзиттик каттоо жөнүндөгү жоболорун" бекитүү жөнүндө токтомуна ылайык убактылуу жашоо үчүн келген Кыргыз Республикасынын жарандары эки мамлекеттин бири бирине жасаган мамилесине ылайык 60 күнгө чейин катталуусуз жүрө алышат. Бул мөөнөт бүткөндөн кийин өзүн тастыктоочу документтерин каттатууга туура келет. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын жараны ТРнын ИИМ Мургаб районундагы паспортторду каттоо бөлүмүнө кайрылышы керек. Бул үчүн ТБАОнун ички иштер башкармалыгына (Хорог шаарына) баруунун кажети жок.

 

ТР "Жол кыймылы жөнүндөгү" мыйзамына ылайык, жол жүрүүгө катышкан баардык автомотокаражаттары жана чиркемелер (прицептер) кимге таандык экенине карабастан (мамлекеттикби же жеке менчикби) ТРнын ИИМнун МАИсине катталууга тийиш.

 

 

ТРнын Салык кодексине ылайык транспорт каражаттарынын ээлери бир жылда бир жолу транспорт салыгыны төлөөгө милдеттүү. Мамлекеттик каттоодон өтпөгөн, учетко коюлбаган же болбосо жараксыз (бузулган) транспорт каражаттары налогтогу көрсөтүлгөн сумманы төлөбөй коюууга себеб боло албайт.

 

Ички иштер министринин орун басары: М. Саидзода

 

Документти которгон: А. Парманов.

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены