ТЭДП бөбөктөргө белек тартуулады

ТЭДП бөбөктөргө белек тартуулады

Жакында районубуздун "Бобуна" балдар бакчасынын тарбиялануучу бөбөктөрү Тажикстан элдик-демократиялык партиясынын Мургаб райондук уюмунан баалуу белектерди-оюнчуктарды алышып, кубанычка батышты.

 

ТЭДПсынын Мургаб райондук аткаруу комитетинин төрагасы Акжаров Жаркынбай өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолуп:

"ТЗДП-нын Мургаб райондук аткаруу комитети өз каражатынын зсебинен мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша элдин турмуш тиричилигине көз салуу менен Мургаб жамаатынын тизмеси боюнча жакыр үй-бөлөгө акчалай жардам көрсөтүп жаттык, жыл сайын балдарды сүннөткө отургузууда бирден кембагал үй-бүлүнүн баласына дагы кийим-кече алып берип, акчалай дагы салым кошуп жатабыз. Быйылкы жылы Кызыл-Рабат жамаатында "Наристе" балдар бакчасына змеректерди сатып алып бердик, ошондой эле Булуң-Көл жашоочуларынын кайрылуусу боюнча телефон байланышы үчүн аккумлятор сатып алынып берилди. 9-майга карата согуш ардагерлерине акчалай сыйлыктар бердик. Мына бүгүн "Бобуна" балдар бакчасына белектерди алып берип олтурабыз. Буюрса, келечекте ушундай жардамыбыз дагы деле улана бермек-чи" -деп билдирди.


Ылайым, келечек ээлери болгон азыркы мотурайган бөбөктөрүбүз ар дайым ушундай белектерди алышып, наристе жүздөрүнөн кубанычтын күлкүлөрү кетпесин!


Тимур

"САРЫКОЛ"-пресс.
ноябрь 2016
www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены