Сары-Кол жергесинин жаныбарлар дүйнөсү

Сары-Кол жергесинин жаныбарлар дүйнөсү

Сары-Кол жергесинин өзгөчө бир ажайып түркүн жапайы жаныбарларды камтыган дүйнөсү байыртан бери эле бүткүл дүйнөнүн жашоочуларын өзүнө тартып, кызыктырып келген. Ал тууралуу канчалаган саякатчылар, окумуштуулар көптөгөн эмгектерди жазышып Сары-Колдун ажайып жаныбарлар дүйнөсүн изилдеп келе жатышат.

 

Венециялык саякатчы Марко Поло тээ XIII кылымдарда өз саякатында так ушул Сары-Кол өрөөнү аркылуу Индияга өтүп баратып бул жерде үйүрлөрү менен короо-короо болуп топтошуп жүрүшкөн аркар, кулжаларды биринчи жолу көрүп, аларды сүрөткө тартып, бул ажайып жаныбарлар тууралуу Европага биринчи маалыматтарды тараткан. Ошондон бери бул аркар кулжалар жалпы дүйнөдө Марко Полонун “жапайы койлору” деген ат менен белгилүү. Тоолордо, түздөрдө ар дайым жайылып жүрүшкөн аркар, кулжаларды учуратууга болот.

 

Аркар - бул Борбордук Азиядагы эң бир сулуу, чоңдугу кунан тайдай келген жапайы жаныбар болуп саналат. Аркар-кулжа - койлор уруусундагы кийиктин бир түрү. Эркеги кулжа, ургаачысы аркар деп аталат. Кулжасы ири башы чоң, мүйүзү артына карай өсүп оролуп, 30 килограммга чейин, ал эми өзүнүн салмагы 200 кг.га чейин жетет. Аркарынын мүйүзү кыска жана ичке болуп, өзүнүн салмагы 90 кг.дан ашат. Алар көбүнчө салкында топ тобу менен ээрчишип жүрүп тоолордун беттериндеги, түздөрдөгү бетеге, шыбак менен тамактанышат. Жыт алуу сезимдери күчтүү болот, коркунуч болсо алдын ала сезет. Кулжаларда күзүндө куут мезгили башталат, ал мезгилди жергиликтүү эл “кулжа бурак” деп аташат.

 

Сары-Колдун эң бийик тоолорун мекендеген дагы бир жапайы жаныбарлар аркар кулжалардан кийин эле жапайы эчки-текелер. Бул жаныбарлар жергиликтүү элде “кызыл кийик” деген ат менен аталып, ал эми илимий түрдө “Сибирский козерог” деп аталат. Сары-Колдун бийик тоолорунун кайсы жеринде болбосун алар дагы үйүр-үйүрү менен жүргөнүн көрүүгө болот. Алар тоолордун эң бийик чокуларында жашоолорун өткөрүү менен тоо чокуларындагы бетеге, шыбак, терскен сыяктуу өсүмдүктөрдү оттошот. Бул жаныбарлардын да текелеринин эң чоңдорунун салмактары 200 килограммга чейин жетип, мүйүздөрүнүн салмагы 20 кг.дан ашат. Бул жапайы жаныбарлар Сары-Кол өрөөнүнүн эң чоң байлыктары болуу менен, мамлекет тарабынан мыйзамдуу түрдө корголуп келүүдө.

 

Мургаб жергесинин жалпы эле жапайы жаныбарлар дүйнөсү өтө бай болгондуктан мында бир гана аркар, кулжа, эчки, теке эмес, тоолордо жырткыч жаныбарлар илбирстерди, сейрек кездешкен сүлөөсүн жана курец аюуларды да учуратууга болот. Андан тышкары, карышкыр, түлкү, коён жана суурлар дээрлик бардык аймактарда кеңири таралышкан.

 

Сары-Кол өрөөнүн жаныбарлар дүйнөсүндө омурткалуу жаныбарлардан көбүнчө канаттуулар негизги ролду ойнойт. Мында алып карай турган болсок, жапайы канаттуулардын деерлик бардык түрлөрү бар десек болот. Тоолордо улар, бүркүт сыяктуу канаттууларды кездештирүүгө болот. Уларлардын үн алышкан добуштары менен бүркүттөрдүн шаңшыган үндөрү тоолордун көркүнө көрк кошуп тургансыйт. Улар куштардын кыргоолдор тукумундагы түрү. Чымыр денелүү, буттары күчтүү. Алар түсү боз түстө болуп корум таштардын арасында билине бербейт. Өсүмдүктүн бүчүрү, гүлү, уругу ж.б. менен азыктанат. 5-9 жумуртка тууйт жана аны бир айда басып чыгарат. Балапандарын курт кумурска менен багат.

 

sary-kol-zhergesinin-zhanybarlar 2 sary-kol-zhergesinin-zhanybarlar 3 sary-kol-zhergesinin-zhanybarlar 4

 

Ошондой эле ак баш жору, карга, көк кытан, көк кептер сыяктуу канаттуулар дагы кеңири. Андан тышкары ителги, күйкө, үкү сыяктуу жырткыч канаттуулар кеңири таралган. Ал эми дарыяларда, айрыкча Ак-Суу дарыясында жаздын келиши менен жапайы өрдөктөр кеңири кездешет. Ал эми көлдөрдө жана дагы дарыяларда жапайы каздарды кездештирүүге болот. Алар алыскы жылуу өлкөлөрдөн бул салкын аймакка учуп келип, жумурткалап анан күзгө жакын жылуу жактарга учуп кетишет. Сары-Кол жергесинин көлдөрүнүн көркү болгон “индия казы” дүйнө боюнча бир гана Сары-Колдогу Зор-Көлгө келип жумурткалап анан гана башка жактарга кетишерин окумуштуу биологдор аныктап чыгышкандыгы тууралуу маалыматтар бар. Алар жетүүгө татаал болгон аралдарда өздөрүнүн жумурткаларын басып чыгарышат. Дарыяларда осмон жана маринка балыктары кездешет, айрым көлдөрдө анча мынча гана форель тукумундагы балыктар бар.

 

Сары-Кол жергесиндеги үй жаныбарларынын эң негизги түрлөрү болуп кой, эчки анан топоз болуп саналат. Бул жаныбарлар жергиликтүү элдин эзелтен келе жаткан мал чарбачылык кесиби менен тыгыз байланыштуу. Жылкы бул жерде кармалбайт, ал аз болгон. Анткени жылкы тукумундагы жаныбарларды улоо катары гана пайдаланышкан, жердин бийиктигинен алардын өсүүсүнө жергиликтүү шарт жол бербейт. Азыркы учурда жылкы аз санда гана өстүрүлүп жатат. А майда малдардан колго кармалып өстүрүлгөн койлор көбүнчө гиссар породасындагы куйруктуу койлор болуп саналат. Ал койлор өзгөчө көп эт берип, даамдуулугу менен башка жерлердеги койлордун этинен кескин айрымаланып турат.

 

sary-kol-zhergesinin-zhanybarlar 5Сары-Кол жергесинде эң негизги жаныбар бул топоз болуп саналат. Топоздун денеси калың кыл жүн менен капталган, чоң жаныбар. Ал тоолуу жерде көбөйүүгө ылайыкташкан. Топоздун инеги жыл сайын бирден торпок тууйт, ал күнүнө үч литрдей сүт бергени менен анын сүтүнүн майлуулугу өтө жогору болуп саналат. Жергиликтүү эл бул жаныбарды көбөйтүп өстүрүү менен анын сүтүнөн экологиялык эң таза азык түлүктөрдү алышат. Топоздон бир гана сүт алынбастан анын эти дагы экологиялык жактан эң таза болуу менен, азыркы учурда Тажикстандын деерлик бардык аймактарына, кошуналаш өлкөлөргө дагы, өзгөчө керектөө менен сатылып турат. Топозду жергиликтүү эл илгертен бери эле унаа, улоо катары да пайдаланып келишкен. Азыркы учурда дагы топоздор көп болбосо дагы унаа катары пайдаланышат. Анын жүнүнөн аркан эшилип, кийиз жасаганга да колдонулат.

 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

Сары-Кол (Чыгыш Памир)

ТБАО Мургаб району

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены