Сары-Кол жамааттары

sary-kol-zhamaattary 1Мургаб жамааты
Мургаб жамааты Сары-Кол аймагында эң биринчи уюшулган. Тарыхый документтерде Мургаб кыштак Советинин уюшулгандыгы 1928-жылга таандык. Эң алгачкы уюшулган бул кыштак Советинин карамагына анын айланасындагы Көөнө-Коргон айылы кошо кирген. Тарыхый маалыматтарга Караганда Мургаб кыштак Советинин биринчи төрагасы Гаипназаров Арзы деген адам болгон. Ал деерлик отузунчу жылдардын ортосуна чейин бул селсоветти жетектеп тургандыгы тууралуу документтерде жазылган.

Анын жакшы уюштуруучулук иштери эске алынып, ага белек катары “От революционного комитета БАК” деген жазуусу бар тапанча жана дүрбү берилгендиги айтылат. Кийин бул киши репрессияланып кеткендиги тууралуу да маалыматтар бар. Андан кийин отузунчу жылдарда бул кыштак Советинде Айдаров Жапар, деген адамдын төрага болуп иштеп тургандыгы тууралуу маалыматтарда айтылат. Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында Мургаб кыштак Советине жетекчилик кылып тургандардын көпчүлүгуү тууралуу маалыматтар жок.
 
Бул айыл жамаатын жетектешкендердин ичинен Акжаров Исраил төрагалык кылып турган мезгилинде “Эмгек даңкы” ордени менен, ал эми Камчыбеков Көкөнбек 2000-жылы эгемендүү Тажикстандын жогорку сыйлыгы болгон “Дусти” ордени менен биринчи сыйлангандардын катарына кирди.
 
Мургаб кыштак Совети Мургаб районундагы калкынын саны боюнча алганда эң чоң жамаат болуп саналат. Бул кыштак Совети райондун борборунда болгондуктан калкынын улуттук составы ар түрдүү. Айрыкча Союз учурунда бул кыштакта кыргыз, тажиктерден тышкары орустар, украиндер, татарлар, казактар жана башкалар жашап турушкан. Бул кыштак Советинин калктын саны өсүп, жаңы турак жайлар, мамлекеттик мекеме, уюмдардын имараттары салынып отуруп, анын аймагы чоңойду.
 
Тажикстан өз алдынча мамлекет болуп, эгемендүүлүк алган жылдардан баштап бул кыштак Совети жаңы админстрациялык аталышка карата Мургаб жамааты болуп кайра түзүлгөн. Учурда бул жамаатын жалпы жашоочуларынын саны 7 миңден ашып жалпы райондун калкынын 50 пайыздан ашыгы ушул жамаатта жашашат. Жамааттын жашоочуларын негизинен кыргыз жана тажик улутунун өкүлдөрү түзүшөт. Жамааттын аймагында бардык райондук инфраструктуралардын, мекеме, уюмдардын жана ишканалардын имараттары жайгашкан. Жыл сайын турак жайлар курулуп жамааттын аймагы дагы кеңейип бара жатат. Ошондуктан жамаата 20 дан ашуун көчөлөр жайгашып, алар Көпүрө-Башы, Жар-Башы, Кеште-Кыштак, Борбордук Мургаб жана башка кичи райондорго бөлүнгөн.
 
Мургаб жамаатын ар кайсы мезгилдерде Айдаров Жапар, Туратбек (фамилиясы белгисиз). Азимбаев Гапар, Карабаев Назар, Мавлянова Мария, Турдиев Касым, Сайназарова Зулпу, Колчокбаев Тешебай, Акжаров Исраил, Камчыбеков Көкөнбек, Исраилов Нусратилда жетектеп турушкан. Азыркы учурда Мургаб жамаатын Кенжекулова Жамийла жетектеп турат.
 
sary-kol-zhamaattary 6Аличор жамааты
Аличор өрөөнүнүн ар кайсы аймактарында калк тээ илгертен эле отурукташып келген, бирок азыркы Аличор айылы турган жерде эл кыштаган эмес. Анткени ал жерде дайыма шамал жүрүп, суук болуп турган. Аличор өрөөнүнөн өткөн жол, Мургаб тарапка күнгөй жак менен, ал эми Баш-Гүмбөз, Үч-кол, Чеш-Дөбө тарапка кеткен жол тескей тарапта болгон. Бирок жайкысын бул өрөөндө эл көп жайлаган. Жайлоого эл “Көпүрөөнүн” жогор жагы Ширалжин-Талаа, Кара-Кум, Ак-Жылганын агыны, Жантык деген жерлерге чыгышкан. Ошондуктан азыркы Көөнө-Көпүрө турган жер тиягы Хорог тарапка, биягы Мургаб ж.б. жакка өтүшкөн жолоочулар түнөгөн Рабат болгон.
Жогоруда аталган Ширалжин-Талаада бир кездерде өскөн ширалжин өтө бийик болуп, чөккөн төө, анын арасына жайылган мал көрүнчү эмес экен. Ошондой ар түрдүү чөптөр, гүлдөр өсүп жайында ошол өрөөндүн дээрлик бардык жылгаларында, түздөрүндө эл көп жайлап, боз үйлөр тигилип, жай мезгилинде тоонун беттерине мал жайылып, желелерде топоздор саалып, ушул өрөөнгө жайлаган эл аябагандай көп болгондуктан, өткөн кеткендер бул жерди “элдин чору”, же “эл чору” дешкендиктен, бул өрөөндүн аталышы б.а. Аличор келип чыккан деп да айтып жүрүшөт.
 
1946-жылы Аличор өрөөнүндөгү дарыяга азыркы учурда пайдаланылып жаткан көпүрө курулган. Ал эми кыштактын пайда болушунун негизин ошол көпүрөөнүн баш жагына 1958-жылы жашоочулардын үйлөрүнүн курулушу түзгөн б.а. азыркы Аличор айылы негизделген. 1972-жылдан баштап бул жер Аличор кыштак советинин админстративдин борборуна айланган. Алгач магазин, 1974-жылы мектеп курулуп, ишке берилген соң, Ак-Жар, Булуң-Көлдөгү тургундар бул өрөөнгө көчүп келип үй куруп, отурукташып, азыркы кездеги райондун эң чоң айылы Аличор айылы пайда болгон.
 
Азыркы Аличор айылы 5 көчөгө бөлүнгөн. Айылда мектеп, клуб, айылдык оорукана, китепкана, мечит, жол курулуш участкасы бар. (Маматсадир Саитовдун материалы).
 
sary-kol-zhamaattary 5Кара-Көл жамааты
Кара-Көл жамааты-Кара-Көл кыштак совети болуп 1932-жылы түзүлгөн, административдик борбору Кара-Көл (Чеп, Кара-Арт) кыштагы.
Территориясы 13 миң чарчы километрди түзүп, Кыргызстан, Кытай, райондун Ыраң-Көл жамааты, мамлекетибиздин Рушан, Ванч, Тавилдара жана Жерге -Тал райондору менен чектешет. Азыркы күндө калкынын саны 800 адамды түзүп, 163 кожолук бар.
 
Кара-Көл кыштак совета түзүлүп, биринчи борбору Жаңы-Жер айылы болгон жана 1953-55 жылдары кыштак советинин борборуну Кара-Көл айылына көчүрүп келген. Ал эми 1949-жылы Кыргыз ССРине караштуу Сарык-Могол айылын, Мургаб районундагы колхоздорго тоют камдоо максатында, 50 жыл мөөнөт келишим менен, 1954 жылы расмий түрдө Мургаб районунун Кара-Көл кыштак советинин курамына кошкон.
 
Эң биринчи Кара-Көл кыштак советинин төрагасы Арапбай деген адам шайланган, андан кийин төмөндөгү адамдар ушул күнгө чейин төрага болуп эмгектеништи:
 
Сарыев Миңбай, Маторозов Бото, Мамасеитов Тагай, Маматумар, Сагын, Үсөнов Турдубай, Кийикбаев Маматкурбан, Ташмаматов Султанбай, Сүйүндүкова Турдугүл, Сатыбалдиев Нияз, Жамилов Жалал (1965-67), Маматумаров Апсамат (1967-68), Паязова Каада (1968-77), Сайназарова Зулпу (1977-87), Темиров Корголбай (1987-88), Абдырахманов Умарали (1988-92), Паязханов Саидахмат (1992-01.95), Мусаев Нуридин (01.1995-06.95), Айылчиева Умуниса (06.1995-98), Каримов Ысмайыл (1998-2003), Исраилов Нусратилда (2003-06), Байсеитов Бекмамат (2006-07), Абдылдаева Ажар (2007-05.2012). Бүгүнкү күндө Кара-Көл жамаатынын төрагасы болуп Кыябеков Абдыманап Турдубаевич (05.2012) эмгектенүүдө. 

sary-kol-zhamaattary 4Кызыл-Рабат жамааты
Ак-Суу өрөөнүндөгү Кызыл Рабат жамааты 1932 жылы уюшулган. Бул жамааттын жалпы аймагы 4,6 миң кв.метр 95 км.ди түзөт. Жашоочуларынын саны 1650 адам. Административдик борбору-Токтомуш айылы. Кызыл Рабат жамаатынын курамына үч айыл, башкача айтканда Токтомуш, Шаймак жана Пост айылдары кирет. Кызыл-Рабат жамаатында 1 маданий үйү, 1 клуб, 2 китепкана, 2 орто мектеп, 1 айылдык ооруукана, 2 шыпаа үйү, 1 балдар бакчасы жана Ак-Суу фермерлер чарбасынын ассоциациясы сыяктуу социалдык, маданий жана чарбалык уюм, мекемелер бар.
 
1932-1934-жылдары Токтомуштан Кызыл Рабаттын белине чейин өз алдынча Кызыл Рабат кыштак совети, ал эми Чеш-Дөбө өз алдынча кыштак совети болуп уюштурулган. Ал кезде Кызыл-Рабат кыштак советинде анын биринчи төрагасы Молдо Нишан, ал эми Чеш-Дөбө сельсоветинин төрагасы болуп Сатикулов Ибраим иштеп турган. Кийин бул эки кыштак совети биригип бир гана Кызыл-Рабат кыштак совети түзүлгөн.
 
Ар кайсы жылдарда “Кызыл-Рабат” жамаатынын жетекчилигине Мурзаев Сатар, Исак, Мамытов, Көчкүнчиева Анал, Байкатаров Токтобай, Мамбеткулов Корголбай, Небреходжоев Закир, Шамов Абил, Маматисламов Сатыбалды, Чыныбаева Гүлхан, Ашимов Айткулу, Абдилатов Сайитбек, Камаров Ысак, Конокбаев Курбанали, Айдаров Ысмайыл, Джуниев Рысбек, Небреходжаев Абдрашид иштеген, учурда Осмонбаев Эрдөөлат жетектейт.
 
sary-kol-zhamaattary 3Ыраң-Көл жамааты
Айтылуу Ыраң-Көл аймагы Мургаб районунун чыгыш түндүктөн орун алып, Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Аянты 5,9 миң чарчы км.
Ал жамаатка Ыраң-Көл жана Чечекти айылында 307 адам жашап, жалпы калкынын саны 1509 адам.
 
Ыраң-Көл жамаатында: 2 фермерлик чарбалардын ассоцияциясы, 2 мектеп, 1 интернат, 2 китепкана, 2 айылдык клуб, 1 көркөм өнөр мектеби, 1 балдар бакчасы, 1 оорукана, 2 шыпаакана бар.
 
Азыркы күндө топоз -1564 баш, майда мал - 5493 баш, 4-жылкы жана 16 баш төөлөр бар. Негизги өндүрүштүк таармагы мал чарбачылыгы болуп эсептелет.
 
Аймакта эки көл Ыраң-Көл жана Шор Көлдөр жайгашкан.
Ыраң-Көл аймагында 1920-жылы айылдык революциялык комитет түзүлүп, анын төрагасы болуп Жанкулиев Касым иштеген, андан кийин 1932-жылы 27-октябрда Ыраң-Көл кыштак совети деп түзүлүп, анын төрагасы Черибаев Боронбай дайындалган. 1933-жылы райондук аткаруу комитетинин токтому менен Ыраң-Көлдө жана Шатыпутта эки кыштак совети түзүлүп, ушул эле токтом менен Ыраң-Көл туз казып алуу үчүн атайын артель уюштурулган.
 
1936-жылдан баштап, сельсоветтер деп аталган. Ошол 1934-жылдын 1-ноябрындагы эсептөөлөр боюнча Ыраң-Көл кыштак советинде кой-эчки 2971 баш, топоз 1098 баш, жылкы 157 баш, эшек 61 баш, төө 92 баш болуп катталган.
 
1935-1936-жылдарында, андан кийин алтын чайкоо иштеринде 450дөй адам иштеп, алтын чайкап, мамлекетке тапшырып турган.
 
1940-жылдын 1-январына карата Бүткүл Союздук мал-жан катоодо Ыраң-Көл жамаат советинде жалпы 284 кожолук, жеке чарба 250, 34 жумушчу кызматчы болуп, топоз 1752 баш, кой-эчки 5025 баш, жылыкы 49 баш, төө 73 баш, эшек катталган. 1939-жылы Чечекти айылында биологиялык станциясы уюштурулуп тажрыйба катары арпа, беде, картошка, тоюттук кара буудай ж.б өстүрүлгөн.
 
Ыраң-Көл жамаатында ар кайсы жылдары үзүрлүү эмгектенип, кыштак советин, жамаатын жетектеген белгилүү жетекчилер: Черибаев Боронбай, Жанкулиев Касым, Мусабаев Турат, Алимкулов Шарип, Асанова Пари, Черибаев Калмурза, Жамилов Жалал, Сатаркулов Апанди, Масаев Мажит, Рахматуллаева Айымпааша, Орунбаева Ниса, Табалдыев Ысмайыл, Абдыкадыров Эркин.
 
sary-kol-zhamaattary 2Гожо Бердибаев атындагы жамаат
Көөнө-Коргон айылы 1987-жылга чейин Мургаб кыштак советинин курамында болуп келген. Бул айылдын белгилүү атуулдарынын бири Гожо Бердибаевдин демилгеси менен анын көптөгөн аракеттеринен кийин, Тажик ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун 1987-жылдын 29-сентябрындагы №797 Токтомунун негизинде Мургаб кыштак советинен бөлүнүп өз алдынча кыштак совети болуп түзүлүп, 1988-жылдын 1 -январынан баштап Көөнө-Коргон кыштак совети болуп иштей баштаган.
 
Көөнө-Коргон кыштак советинин биринчи төрайымы болуп Сайназарова Зулпу Абдыкадыровна шайланат. Ошол кезде кыштак советинде 180 кожолук болуп, 890 адам катталган. 1993 жылдары кожолуктун саны 260, адамдардын саны 1049 чейин өскөн.
 
Союз тараган мезгилде, башкача айтканда, 1994-1997 жылдарда элдердин массалык түрдө Кыргызстан Республикасына массалык миграциясынан улам, калктын саны кескин түрдө төмөндөп 196 кожолук, 981 адамды түзүп калган.
 
Тажикстан Республикасынын Оли Мажилисинин 2002-жылдын 23-апрелиндеги №298 - Токтомунун негизинде Көөнө-Коргон кыштак жамаатына ошол жердин белгилүү адамдарынын бири мамлекттик коомдук ишмер Гожо Бердибаевдин ысымы ыйгарылган. Ошол мезгилден бери Гожо Бердибаев атындагы жамаат деп аталып келе жатат.
 
Бул жамаатты ар кайсы мезгилдерде төмөндөгү адамдар жетектешкен:
Сайназарова Зулпу-1988-1992, Жангиров Өмүрбек- 1992-1998, Миңбаев Тагайбек-1998-2001, Ыса уулу Абибилло- 2001-2009, Исраилов Нусратилла-2009-2012-жылдарда, ал эми Маматумаров Мамасали Таштемирович 2012-жылдан азыркы күнгө чейин бул жамаатты жетектеп келе жатат.
 
Сары-Кол (Чыгыш Памир) ТБАО Мургаб району 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ" - 2013 ж.


А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены