САРЫ-КОЛ: Мектеп мугалимдеринин арасында волейбол мелдеши болуп өттү (сүрөт)

Үстүбүздөгү жылдын 7,8- сентябрь күндөрү Таджикистан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата Мургаб районунун Токтомуш айылындагы Токтогул Сатылганов атындагы №2 жалпы орто билим берүү мектебинин базасында мугалимдер арасында волейбол боюнча 3-чү спорттук мелдеши болуп өттү. Мелдешти билим берүү бөлүмү уюштурду. Спорттун негизги максаты мугалимдер арасында ынтымакты, достукту чыңдап, окуучуларды спортту сүйүүгө үндөө болду.

 

sary-kol-mektep-mugalimderinin-arasynda-voleibol-meldeshi 1
sary-kol-mektep-mugalimderinin-arasynda-voleibol-meldeshi 2 sary-kol-mektep-mugalimderinin-arasynda-voleibol-meldeshi 3
sary-kol-mektep-mugalimderinin-arasynda-voleibol-meldeshi 4 sary-kol-mektep-mugalimderinin-arasynda-voleibol-meldeshi 5
sary-kol-mektep-mugalimderinin-arasynda-voleibol-meldeshi 6 sary-kol-mektep-mugalimderinin-arasynda-voleibol-meldeshi 7

 

Мелдешке жалпы 7 мектептен мугалимдер катышып, өздөрүнүн спорттук даярдыктарын көрсөтүштү. Жыйынтыгында: Үчүнчү орунду № 2 Токтогул Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери, экинчи орунду А. Ахмедшарипов атындагы №1 мектебинин мугалимдери, ал эми биринчи орунду С. Конокбаев атындагы №5 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалимдери ээлешти. Алдынкы орунду ээлген командаларга баалуу белектер жана грамоталар ыйгарылды.

 

Уюштуруучулар Сатаркулов Султанбекке жана Токтогул Сатылганов атындагы №2 мектебинин эмгек жамаатына чоң ыраазычылык билдирем.

 

Байгелүү орунду ээлеген №5 мектептин мугалимдерин чын жүрөктөн куттуктаймын!

 

Мургаб району Токтомуш айылы

Беркмамадова Мария

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены