Сары-кол (Восточный Памир)

Кайсы жерден болосуң деп сураба, кандай элден экенимди сынаба, мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп...

КТРК онлайн ТВ МУЗ ТВ KG онлайн Биринчи радиоКыргыз радиосу

ОШ ТВ онлайн Ала Тоо 24 ТВ онлайн Марал радиосуСанжыра радиосу

ОШ ПИРИМ онлайн Спорт ТВ онлайн Мин Кыял радиосу Кыргызстан обондору

Бишкек  онлайн ЭЛ ФМ радиосу Сары-кол радиосу

Кыргызча клиптер

САРЫ-КОЛ: Исражидин мерген баяны

Али уулу Исражидин Чечекти чөлкөмүнөн чыккан атактуу мергенчинин бири. Анын мергенчи болуп калгандыгы жөнүндө мындай бир окуя айтылат.

 

Исражидин 13кө толгон кезинде Кызыл-Жылга деген жерде кийикке капкан койот. Эртеси капканынан кабар алып барса ордунда жок, сүйрөлүп кеткен изи гана калыптыр. Ал изди кууп бара берет. Из барып чоң таштын түбүндөгү бир чоң ийинге кирип кетиптир, чынжыр боосу сыртта калыптыр. Аны тартып көрсө, бек, капкандын чыгар түрү жок. Акырын эңкейип ийиндин ичин карап көрсө, тиши ырсайган бир кичине чал отуруптур. Аны көргөн бала эс ушун жоготуп койот. Бир топ убакыттан кийин эсине келип көзүн ачып айланасын караса капканы жанында жатат, башка жан көрүнбөйт.

 

Ал ордунан ыргып туруп, үйүн көздөй жөнөйт. Үйгө келип кайра эсинен танып жыгылат. Баласынын бул түрүн көргөн атасы, абдан кыжалат болот. Баласына дем салып, ал эсине келгенде, эмне болгонун сурайт. Исражидин атасына болгон окуяны төкбөй-чачпай айтып берет. Атасы чоң молдо болгондуктан, баласынын эмне болгондугун билет даты, ооруп калган баласын эртең менен күн чыга электе сайда агып жаткан сууга ыргытат. Ошол замат бала өзүнө келип оорусунан таптаза айыгат. Ошондон кийин Исражидин эч нерседен тайманбас, коркпос, эр жүрөк мерген болуп чыккан экен.

 

Исражидин мерген 1958-жылы Москвадан келген экспедция менен 6 ай мөөнөттө Сарез көлүнө, жумушка барган. Ал жакта дагы мергенчилик кылат, ошол экспедиция менен чогуу кайтып келе жатып ал айнектей тунук адамдын сөөгүн табат. Аны экспедициянын мүчөлөрү дароо эле анализ үчүн Москва шаарына алып кетишет.

 

Исражидин мергендин эң сейрек кездешкен Шалбөрү атып алгандыгы, бир нече жолу аюу аткандыгы туралуу аңыз кептер айтылып келе жатат. (Каримова Галбүбүдөн жазып алган Мамаюнусов Азиретимуса)

 

Сары-Кол (Чыгыш Памир) ТБАО Мургаб району

 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

scroll back to top

Дополнительная информация

    Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


    Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Сары-кол 2017