Нишангүл жердешибизге терең ыраазычылык

Нишангүл жердешибизге терең ыраазычылык

Урматтуу жердештерим өзүңүздөр билгендей жердешибиз Нишангүл (Ники) Таджибаева "Дени сак жана бактылуу бала" коомунун уюуштуруусу көп жылдардан бери мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энеси жок балдарга жана жалпы Сары-Кол эли-журтуна көптөгөн медициналык жардамдарды көрсөтүүдө.

 

Мен да Ники кызыбызга чоң ыраазычылыгымды билдирип кетейин дедим эле. Менин уулум 24 жашта, көп жылдан бери ооруп калып окуучулук кезиден эле кулагы жакшы укбай жүрчү. Кечээ жакында Ники атайын уулума слуховой аппарат берип колдонуп жүрүүсүн айткан эле. Ошол учурдан бери уулумдун кулагы угуп баардыгыбыздын кубанчыбыз койнубузга батпай турган кез. Ылайым Ники жердешибиз аман болсун, үй бүлөөбүз терең алкыш айтуу менен иштерине албан ийгиликтерди каалайбыз! Урматым менен Катыча Мамасеитова

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены