Мургаб району: Цифралар жана фактылар

murgab-raionu-faktylar

 

-1932-жыл, 27-октябрь. Борбордук аткаруу комитетннин токтому менен ТБАОнун составында
Мургаб (Чыгыш Памир) району түзүлгөн.

 

-1932-жыл. Кара-Көлдө, Ыраң-Көлдө, Токтомушта, Көөнө-Коргондо, Аличордо жана Мургабда башталгыч мектептер ачылган.

 

-1936-жыл. Райондук оорукана ачылып аньш 10 керебети болгон.

 

-1939-жыл. Мургабда биринчи жолу «Чыгыш Памир» райондук гезити жарыкка чыккан.

 

-1940-41-жылдар. Райондо 7 айыл чарба артели түзүлгөн. Алардын 20 мал чарба фермаларында 3700 баш ири жана майда малдары болгон.

 

-1944-жыл. Мургаб райборборунда биринчи орто мектеп ачылган.

 

-1941-1945-жылдар. Улуу Ата мекендик согушка жердештерибиз да катышышкан.

 

-1952-жыл. Майда 14 колхоз биригип, 4 колхоз болгон.

 

-1962-жыл. 640 квт. кубаттуулуктагы «Ак-Суу» ГЭСи курулуп бүткөн.

 

-1975-жыл. Мургабда эки кабаттуу «Мургаб» мейманканасы курулган.

 

- 1980-жыл. Райборбордо cvv түтүкчөлеөрү курулуп, «Экран» системасы боюнча телекөрсөтүү антенасы иштей баштаган.

- 1984-жыл. Райондо 105 орундуу, эки кабаттуу борбордук оорукана ишке киргизилген.

 

- 1992-жыл. ССР Союзу таркаганлан кийин. жалпы республикада болгон, экономикалык кризиске байланыштуу Сары-Колдон 200дөн ашуун үй-бүлө Кыргызстандын Чүй жана Ош облустарьнын аймагына көчүшкөн.

 

- 1995-жыл. 26-май. Мургаб районуна Улуу урматтуу Ага Хан IV Шокарим Ал Хусейин келген.

 

- 1995-жыл. июнь. Мураб районуна биринчи жолу Тажик Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонов келген.

 

- 1998-жыл. Июль жана ноябрь. Мургаб районуна Президент Эмомали Рахмонов ушул айларда эки жолу келген.

 

- 1999-жыл. Райондун чарбаларында менчиктештиpүү жүргүзүлүп, фермердик ассоцацияларга айландырылган.

 

- 1999-жыл. Райондо биринчи жолу медициналык мектеп жана педагогикалык окуу жайы ачылган.

 

- 2000-жыл. Мургаб-Көлмө-Кара-Корум автожолунун курулушун Туркиялык ЕНТЕС фирмасы алгачкы 37 километрин курууну башташкан.

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены