Мургаб кыргыздарынын «Ордо» оюну жөнүндө

Мургаб кыргыздарынын «Ордо» оюну жөнүндө

Кыргыз элибиздин тарыхында жана элдик педагогикада «хан оюну» аталган улуттук ордо оюнубуз жаш муундарды тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ болуп келген. Бул оюн ата-бабалардан калган улуу мурасыбыз экендигин ар бирибиз, ар бир кыргыз деген инсан билери шексиз. Ошондуктан анын негизги өзөгүндө ден соолукту чьңдоодон тартып, сергек жашоого үндөө, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, ынтымак-биримдик менен меймандостукка, жолдош-достуктун бийик парзын сактоого, ой жүгүртүү менен чечкиндүүлүккө, тактыкка, калыстыкка жана тартиптүүлүккө, дегеле тереңинде улуттук маданий байлыктарды үйрөнүү жатат. Сарасеп салып байкасак, ордо оюну - Ата Журтту коргоого, сүйүүгө, аны көздүн карегиндей сактоого багытталган патриоттук жана аскердик тарбиянын асыл сапаттарынан ширелишип келип чыккан оюнубуз экендиги талашсыз. Жаш муундарыбызга бабалардан калган нарк- насилдүү маданий мурастарын үйрөтүүдө, аларды тарбиялоодо ордо оюнунун мааниси өтө чоң жана теренң. Анткени оюндун жүрүшүндө оюнубуз эс алуу үчүн ойнолсо да, оюндун эрежелерин үйрөнүү, ден соолукту чындоо же мелдеш өткөрүү максатында өткөрүлүп жатса да, түпкүлүгүндө келечек муундарга бир бүтүндүктү түзгөн тарбиянын багыттары берилери байкалат.

 

«Ордо» оюну негизи кыргыз элине гана тиешелүү экендиги белгилүү. Оюндун түптөлүү жагдайы кыргыз элибиздин тарыхында 1100 - 1200-хижра жылдарына таандык деп айтылат. 1947-1949- жылдары Кыргызстанда КМСКи тарабынан спорттук мелдеш катары ойнотулганы белгилүү эмеспи. Ал эми Сары-Колдук кыргыздарда, анын ичинде Мургабда жашаган кыргыз элибизде да «атам заманыбыздан» бери ордо-ашык оюну ойнолуп келатканы баарына маалым. Бул оюнубуз тойлордо ойнолуп, байгелер коюлуп, суу-суудан, жер-жерлерден келишкен мейман-коноктор, оюнчулар өз жеринин намысын талашып, бар күчүн аябай элге таң-тамашалуу оюн куруп келишкен. Баш байгелерге коюлган ат-төөдөн тартып, кой-топозуна чейинки мөөрөйлөрүн утушкан. Бул оюн азыркы күнгө чейин элибизде ойнолуп келүүдө.

 

Жылдан жыл өтүп, мезгил оошуп олтуруп, баарына белгилүү болгондой, Союз таркагандан кийинки жылдары элибиз, жаштарыбыз үчүн ар кандай спорттук мелдештерди уюштуруу иштери бир аз аксап турду. Келечек муундарды ар түрдүү терс көрүнүштөрдөн алыс кармоо, аларды сергек жашоого үндөө маселеси жалпы коомчулукту да, мамлекеттик бийликти да ойлонууга алып келип жаткан учурда, Мургаб жергебизде жаштарыбызды сергек турмушка үндөгөн дал ушул оюнубуз гана ойнолуп калды. Айыл-кыштактарда ар ким өз алдынча ордо оюнун ойношуп, ашык атып жүрүштү. Алардын катарында бир команда болуп түзүлгөн биздин команда: Азизбаев Байназар. Садирбаев Майрамбек. Акназаров Аттокур жана Жээнбек, Таштанов Алишер, Атакулов Кубанычбек, Бердияров Маматөрө, Бердияров Ибраим, Нажимидинов Келдибек аке ж. б. болуп ойноп жүрдүк. Учурдагы эл сыйлаган ардагер агабыз, врач Туратбек Көчөнов бизге аксакал болуп, убакыт табыла калганда бизди чогултуп, айылдарга барып, оюн курдук. Кийинки жылдары бул команда жаштар менен (Садыков Бекжол, Олжочиев Көкөнбек, Садирбаев Максат, Тажибаев Зарылбек) толукталып, райондун бардык айылдарына бир канча жолу барып, ойноп жаттык.

 

murgab-kyrgyzdarynyn-ordo-oiunu 1 2 murgab-kyrgyzdarynyn-ordo-oiunu 3
Мургаб районундагы "Ордо" оюунунун командалары.  Мургаб 2015 ж. Ордо боюнча райондун алты жолку чемпиондору "Мургаб-1" команласы. Мургаб 2015 ж.

 

Арадан жылдар өтүп, кийин бул команда «Мургаб -1» командасынын уюткусу жана райондук «Ордо» оюну боюнча бир нече жолку чемпиону болуп, райондун тарыхында кала берди. Андан кийин бардык айылдардан мыкты оюнчулар өсүп чыкты жана алардын катары жыл сайын улам көбөйүүдө. Алардын арасында Баш-Гүмбөз жана Ыраң-Көлдүн жаштарынан куралган командалары райондун чемпиондору болуп чыга келишти.

 

Эң кубанычтуусу, 2014-жылы Тажикистандын атынан барышкан Мургаб районунун жаштары «Ыраң-Көл» командасы (капитаны Раимжанов К.) Кыргызстанда өткөрүлгөн «Биринчи бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна» катышып, бул эл аралык оюнда Кыргызстандын эки командаларынан кийинки үчүнчү орунду ээлешти. Алар элибиздин, Мургабдын атын дүйнө спортчуларына, элдерине таанытып, өлкөбүздүн жана районубуздун спорт капчыгына коло медалды алып келди. Бул жеңиш - биздин Мургаб тарыхында элибиз үчүн чоң сыймык болду.

 

Кийинки жылы ушул эле команданын оюнчулары Казакстандын Астана шаарындагы өткөрүлгөн «Бес тапан» оюнуна катышып, алтын медалын (Шарипов Нурсалим) жана күмүш медалын (Рахматуллаев Уланбек) алышып, чоң жеңиш менен кайтышты.

 

Ал эми Кыргызстандын Талас облусунда 2015-жылы ордо боюнча өткөрүлгөн эл аралык «Алтын томпой» оюнуна районубуздан эки команда («Ыраң-Көл» жана «Мургаб» командалары) катышып, «Ыраң-Көл» командасы үчүнчү орунга ээ болуп, коло медалга татыктуу болушту. Бир канча оюнчуларыбыз дипломдордун жана баалуу сыйлыктардын ээлери болуп келишти. Кудай буюрса, келечекте «Ордо» оюнубуз улам өркүндөй берет. Ал эми жаш муундарыбыздын арасында жаңыдан ордо чеберлери жана чемпиондор өсүп чыгат деп үмүттөнөбүз жана буга ишенебиз.

 

Эми, бир аз артка кайрылсак, ошол Союз таркагандан кийинки мезгилдердеги жашоо-турмуштун көйгөйлөрүнө карабай, садаган кетейин олуясы жоомарт жерибиздин кең пейил Сары-Кол элибиз кабак-кашым дебей, койлорун союп, берекелүү ак дасторкондорун жайып, бирин-бири «Ордо» оюнуна чакырып, ордо оюнчуларыбыз жер-жерлерге барышып, оюндар уланды. Ак сакалдарын жайкалтып, көкүрөктөрүн жагжайтып аксакалдарыбыз, көптү көргөн көсөмдөр менен эригип калышып, элирген жаштарыбыздан мотурайган балдарыбызга чейин ошондо бир тамашага батышты го, чиркин! Ата салтына жараша аксакал абышкаларынан «меймандар чаңкап калбасын, карап койгула» деген тапшырмаларын алышкан айылдын ак саамай байбичелери баштап, бой салып, кериле баскан келин-кыздары да четте калбады бул таң-тамашадан. Аш-тамактарын көтөрүшүп, «даам таткыла, мейман-коноктор» дешип, чай-курутун сунуп жатышты! Анын артынан аксакалдарыбыз Жараткан Аллахдан эли-жерибизге, Ата Журтубузга тынччылык, берекелүү токчулук, ырыс-кешик, достук-ынтымак тилеп, ак баталарын берип жатышты! Көрсө, дал ошол ордо оюндарыбыз жана аксакалдардын ак баталары ордо оюнубузду райондук деңгээлге алып чыгууга, андан ары Мургаб элин дүйнөгө тааныткан Кыргызстанда өткөрүлгөн «Биринчи бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна» алып барууга чыйыр салып, ордо оюнубуздун жаңы нукка салынышын дагы бир жолу түптөгөн экен.

 

Ошол убакта оюнчулар жана эл тараптан «Ордо» оюнунун райондо өткөрсөңөр» деген ой-сунуштар айтылып жатты. «Ордо» оюндары күндүн суук мезгилинде күчөп, кыш күндөрүндө кызыктуу ойнолгондуктан, кышкы спорттук оюн катары райондук чемпионат өткөрүү сунуштары көбүрөөк боло баштады. Эл арасындагы, жаштар арасындагы бул сунуштарга көңүл буруп, ал ой-сунуштарды иликтеп чыгып, 2005-жылы февраль айында ошол мезгилдеги Мургаб райондук мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын төрагасы, ТРнын Маджилиси Олисинин (Жогорку Кеңеш) депутаты Ыдырыс Шажанов бизди чакырып, районубуздун айылдарындагы ойнолуп жаткан ордо оюнун Тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгын утурлап жана республиканын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү - 23-февралга карата райондук деңгээлде өткөрүү иш-чарасына киргизүүнү тапшырды. Ошол жылдардагы райондун терагасынын биринчи орун басары Жоошбаев Мурзабай Абилакимович, райондук Өкүмөттүн аппа¬рат жетекчиси Сеитбеков Бейше Азизовичтер болуп, чечимдердин долбоорун, уюштуруу комитетин, калыстар тобун ж.б. тиешелүү документтерин даярдап, төраганын чечимин алгандан кийин, райондо биринчи жолу райондук деңгээлде Тоолуу Бадахшан авто¬номиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата «Ордо» оюнунун кышкы чемпионаттыгы» деп аталып, чоң мелдеш уюштурулду.

Ал эмес жаштарыбыз:

«Бадахшандын утурлап,

80 жылдык тоюну.

Юбилейге көрк кошсун,

Кыргыздын ордо оюну», - деп ыр токушуп, чоң лозунг кылып жазып, илип да коюшту. Бул ыр ар бирибиздин эсибизде калып, жаттап алдык.


Бул оюн районубуздун жалпы айыл-кыштактарынын оюнчуларын камтыган эң кызыктуу, жаштардын, элибиздин көңүлүн бурган, ал гана эмес кыргыздар менен канатташ, бирге жашаган тажик улутунун атайын командасы катышкан, жалпысынан биримдик-достуктун, жаштарга тарбия берүүнүн асыл традицияларынын эң сонун үлгүсүн даңазалаган оюн болду. Райондук өкүмөттүн бул чечими жана бул оюнубуз Мургаб элине абдан чоң кубанычтуу жаңылык алып келди. Ушул оюнду өткөрүүдө «Ордо» оюнунун ушул Жобосун «өзүң да эл аралап, ойноп жүрөсүң» дешип, мага тапшырышты. Жобону тез арада жана өтө кыска убакытта жазууга туура келген. Албетте, бул Жобо ошол жылдардагы мезгил шартына жараша илимий да, тарыхый да максатта жазылган эмгек эмес эле. Болгону бул Жобонун ошондогу максаты - Тажикистандын Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб районунда жашап, айтылуу Сары-Кол өрөөнүн, Памирдин нак өзүн мекендеген кыргыз элибиздин, ата-бабаларыбыздан калган «Ордо» оюнун райондук деңгээлге алып чыгууда, райондук чемпионатка сунушталган жобо болчу. Бул жободо бизде ойнолуп жүргөн оюндун жалпы эрежелерин сактап, аксакалдар менен кеңешип, ордо терминдери элибизде кандай аталса, так ошондой жазылып, «Ордо» оюнунун Сары-Кол вариантын оюнчуларга сунуш кылганмын. Баарыбызга белгилүү болгондой, биздин ар бир айылдарыбызда да оюндун кээ бир эрежелеринин өзгөчөлүктөрү кездешип, ар түрдүү ойнолгон учурлар болот эмеспи.


Ошондуктан ар бир жер-жерлердин өкүлдөрүнө, көптү көргөн көсөмдөргө, аксакал оюнчуларга, жалпы калкка чакырык таштап, «меники же биздин оюн эле туура» деген ойдон алыс болуп, тегинде бул маселелер ата мурасыбызда кандай эле, билгениңиздерди айтсаңыздар, сунушуңуздарды берсеңиздер, орток ой жыйнагына келели»,- деп жазган элем ошол биринчи жободо. Кудайга шүгүр, бул кайрылууга ар бир «Ордо» оюнун сүйгөн жарандарыбыз өтө активдүүлүк менен катышып, өз ойлорун ортого салышты, баалуу сунуштарын беришти. Бул «Ордо» оюндун жобосу жазылып бүткөндөн кийин, биринчи оюнубуздун ачылуу салтанатынан кийин жалпы оюнчуларга, калыстарга, командалардын капитандарына сунушталып, кызуу талкуудан соң жактырылып, бекитилди. Мына, андан бери арадан он жыл өттү билинбей. Алгачкы оюндун Жобосу эки-үч жылдын аралыгында улам толукталып, кийинки жылдары биротоло калыптанып, дал ушул эрежелер толук сакталуу менен азыркы күндө районубузда ойнолуп келүүдө. Ырас, андан бери жараткан Аллахка шүгүр, биздин Мургаб жергебизде да таң-тамаша менен тойлор тойго уланып, оюндарыбыз ойнолууда. 2012 -жылы өлкө Президентибиз урматтуу Эмомали Рахмондун жарлыгы менен бул жыл - «Спорт жана физкультура жылы» деп жарыяланып, спорт оюндарынын, анын ичинде биздин ордо оюнубуз да өсүп келаткан жаш муундарга дене тарбиясын берүүдө жана сергек жашоону үгүттөөдө өнүгүүнүн жаңы багытын алды.


«Ордо» оюнубуздун өнүгүүсүнүн дагы бир чоң бурулушу - районубуздун оюнчуларынын жогоруда сөз болгон «Биринчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна» чакырылышы жана ага катышып келүүсү болду деп ойлойм.


Белгилей кетүүчү нерсе, аталган чоң мелдештин алдында КРнын «Ордо» федерациясынын вице-президенти Кожокеев Искендер байке атайын Мургабга келген. Ал районубуздун төрагасы М. А. Жоошбаев менен жолугушуп, жеринен оюнубуз менен таанышып жана районубуздун төрагасынан дүйнөлүк оюнга чакырып жана Мургаб оюнчуларын ушул оюнга жиберүүнү суранып кеткен эле. Орто Азиянын бермети болгон кереметтүү Ысык-Көлдүн боюнда, Чолпон-Ата шаарында өткөн бул дүйнөнү дүңгүрөткөн оюнда биздин оюнчу жаштарыбыз Кыргызстандын эки курама командасы жана Казакстандын бир курама командалары, ордо оюнчулары менен таймашып, өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ошол эле мезгилде алардан эмнени үйрөнүү керектигин, келечекте дагы эмнеге көңүл бурууга туура келерин байкап келишти көрүнөт. Анткени аларды угушкан, сыналгы, дискилерден ал оюнду көрүшкөн райондун жаштары, мектеп окуучулары азыркы күндөрү мага көп келишип, ошол оюндун эрежелерин, Кыргызстандын «Ордо» федерациясы бекиткен ордо оюнунун эрежелерин көбүрөөк сурап калышчу болду. Ал эмес, атайын ошол ордо эрежелери менен атайын машыгып жатышкан жаштарыбыздын командалары пайда болду. КРнын «Ордо» федерациясына биздин Сары-Кол ордо оюнубуздан дагы көптөгөн эрежелерди сунуштоо боюнча ой бөлүшүүдө. Албетте, бул көрүнүштөр бизди кубандырбай койбойт. Ошондой болсо да, бул маселелер келечектин иши эмеспи. Элибизде айтылгандай: кудай буюрса, «убакыт-сааттын келиши» менен келечек ээлери болгон жаштарыбыз азыркы биздин бул кичинекей китебибизден кийин көп нерсени колго алып, бул ишибизди дагы алга сүрөйт деп үмүттөнөм. Балким, алар Мургаб кыргыздарындагы, Сары-Кол өрөөнүндөгү ордо оюнубуз же жалпы эле мында сөз болбогон «шаа улак», «энке чокон» же «чокон атышуу» жана башка ашык-чүкө оюндарыбыз тууралуу узун сабак сөз козгоп, аларды ойноонун эрежелери, тарыхы жөнүндө илимий, методикалык же бир олчойгон тарыхый эмгектерди жазып салышар. Ылайым, Жараткан максаттарга жеткирсин!


Ал эми азыр, албетте, бул кичинекей китеп кандай гана болбосун, автор катары жана ушул он жыл аралыгында оюндун башында болуп, «ысыгына күйүп, суугуна тоңуп» жүргөн инсан катары улуттук «Ордо» оюнубуздун Сары-Кол вариантын сактап, аны өркүндөтүүгө айтып бүтпөс чоң салымдарын кошкон көптөгөн төмөнкү адамдарга жана уюм-мекемелерге өзүмдүн жана ордо сүйүүчүлөрдүн атынан алкыш айтуу менен, баш ийип таазим кыламын:


- «Ордо» оюнунун райондук кышкы чемпионаттыгын, дегеле улуттук оюндарыбыз болгон ушул ордо, «Ат чабыш» фестивалдарын өткөрүүгө ар дайым шарт түзүп, колдоп келаткан Тажикистан Республикасынын Өкүмөтүнө жана Президентибиз Эмомали Рахмондун көрөгөч саясатына, райондук Өкүмөтүбүзгө жана айыл жамаатарына;


- Оюнубузду райондук деңгээлге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, оюндун өнүгүүсүнө алгачкы шарт түзүп берген рай¬ондук Өкүмөттүн мурунку (1997 - 2007-жж.) төрагасы, ТРнын Маджилиси Олинин депутаты Ыдырыс Шаджановго жана ушул жакшы демилгени андан ары уланткан райондук Өкүмөттүн мурунку (2007 - 2010-жж.) төрагасы, ТРнын Маджилиси Олинин депутаты, Тажикистан жана Кыргызстандын Жазуучулар союзунун мүчөсү Тойчиев Майрамбек Токоновичке;


- Он жыл аралыгында «Ордо» оюнун бирге өткөрүүнү колдоо менен, түздөн-түз катышып келаткан, Мургаб районунун «Ордо» оюнчуларын эл аралык деңгээлге чыгарган, «Биринчи бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна» катышууга көмөк көрсөтүп, «Ордо» оюнунун» келечегин, өнүгүүсүн жаңы нукка салган районубуздун азыркы төрагасы, ТРнын Маджилиси Олинин депутаты Жоошбаев Мурзабай Абилакимовичке;


- «Ордо» оюнун ушул жылдары бирге өткөрүүгө түздөн-түз катышуу менен колдоп келаткан төраганын 1-орун басары Э.К. Сатаровка, райондук Өкүмөттүн төрагасынын мурунку аппарат жетекчиси Сеитбеков Бейше Азизовичке азыркы жетекчи А. Ж. Мурзаматовко;


- «Ордо» оюнун өткөрүүгө түздөн-түз катышуу менен колдоп келишкен айыл - жамаат башчыларына Камчыбеков К., Кенжекулова Ж., Таабалдыев И., Абдыкадыров Э., Айдаров Ы., Жүниев Р, Осмонбаев Д., А. Ыса уулу, Маматумаров С., Абдыразаков Б., Жанботоева Т., Мамытов Ж., Жолдошбаев А., Абдылдаева Б., Исраилов Н., Кыябеков, Ниязбеков А. 3., Малабеков М., Жумабаев К. Ардагерлер кеңешинин мурдагы жетекчиси, маркум Жаныш Мурзаматовко, азыркы жетекчиси Боронбай Газыбековго, «Сары-Кол» гезитинин редактору С. Пармановко, спорт комитетинин башчысы Камчыбековко Ж. адиси Муродгүл Пайшамбиевке, Борбордук райондук оорукана башчыларына, райондук ички иштер бөлүмүнө, жалпы демөөрчү болуп келишкен агаларыбызга, соода жана керек-жарак коомунун төрайымы Майраш Жороевага, Күмүшай Тажалиевага, УКАнын директору Жаклин Рипарга;


- «Ордо» оюнун айылдар арасында жайылтууда жана райондук мелдештерди уюштурууда жакындан жардам көрсөтүп, ордолорду даярдап, аны жаштарга үйрөтүп келген райондун алты жолку чемпиону болгон «Мургаб-1» командасындагы досторума жана «Мургаб-2» командасынын оюнчуларына;


- Бул жылдары райондук «Ордо» оюнун өткөрүүдө акыл-кеңештерин айтып, жакындан жардам берип келишкен башкы кеңешчи (мурунку райондук сот) Майрамбек Садирбаевке, башкы калыс Анвар Акжолбековко, ардагер, биринчи башкы калыс жана кеңешчибиз Туратбек Көчөновко, ардагерлер: Б. Курбаналиевке, Ш. Колчокбаевке, И. Орунбаевке, Б. Полотовго, Д. Ташбаевке, А. Сатаровко, О. Норузбаевке, Алипбек Акжолбековго, Апыз Таштановго, Ш. Оторбаевке, К. Жанботоевке, К. Мантаевке, маркум С. Кармышаковко ж.б. аты аталбай калган агаларыбызга, жалпы эле оюндун көркүн ачып, чеберчиликти тартуулаган оюнчуларга, күйөрмандарга, райондук мелдештерде оюнчуларга аш-тамак берип, урмат-сый көрсөткөн Мургаб жамаатынын жалпы жашоочуларына, анын көчө комитеттерине, Г. Бердибаев жамаатынын жашоочуларына чоң ыраазылык билдиремин!


Ылайым, бар болуңуздар! Ар дайым өлкөбүздө, анын ичинде Сары-Кол жерибизде берекелүү турмуш болуп, Мургаб элибиздин оюну оюнга, тойлору тойго улана берсин! Кыргыз элибиздин ордо оюну өркүндөп, ордосу толсун!


Ниязбеков Гожомберди

Мургаб шаарчасы

09.09.2015-жыл.

(Уландысы бар)

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены