Мекендеш жардам бериңиз... (видео)

Мекендеш жардам бериңиз... (видео)

Мургаптык кыргыз балдары, азаматтар экен. Биз мектепти аралап, учурашып жүргөндө ырдап, бийлеп да беришти. Кыргызча таза сүйлөгөнүн угуп, көпкө кубандык. Бул балдарга кыргыз тилиндеги адабияттар жетишсиз экен. Мугалими менен сүйлөшкөндө, акчага болсо деле сатып алмакпыз, китептер өтө жетишсиз деп айтты.

 

Эгерде жакынкы айларда акция уюштуруп, балдарга кыргыз тилинде китеп чогултсак колдоп берет белеңиз? Анткени, бул балдар канчалык билимдүү болсо, ошончолук биз үчүн да жакшы. Эртеңки күнү, боордоштордон врач, мугалим, архитектор, программист чыкса, бул биздин жетишкендигибиз болот!

 

Менимче, ар бир үйдө окулбай калган предметтик китептер бар. Ой кошуңуздар!

 

Mekend jard berin 1 Mekend jard berin 2

 

Мургап районундагы кыргыз мектептерине кыргызча китептер жетишсиз. Жакында ар бириңизге китеп сурап кайрылам. Предметтик китептерге муктаждык чоң. Жазга чейин чогултсак, буюрса күн жылып калганда жеткирип беребиз. Ушул балакайлар, китептерди чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Китеп чогултууга жардам берүүнү каалаган досторду күтөбүз.

 

 

 

Бишкек шаары "Элден элге" фонду тел: 0779196576

Эльвира Акимова

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены