Кыргыздын чыгаан уулу (сүрөт)

Кыргыздын чыгаан уулу (сүрөт)

Атабек уулу Турдахун ажынын чоң атасы Курбанбек амин илгери айтылуу Чоң-Алай өрөөнүндө жашап турган экен. Атасы Атабек өз мекени Чоң-Алайдан алыс узап, катаал замандын капшабында ,тээ алыскы Памир (Сарыкол) тоолорунун арасында жашап калууну тагдыр буйруптур. Түпкү ата теги Чоң - Алайлык, өз жерлиги Памирлик, Турдахун ажы жаштайынан зирек, акылгөй, алысты көрө билген, чукугандай сөз тапкан чечен, иш билги жана кыргыз деп күйүп жанган инсан болуп калыптанган.

 

Атабек уулу Турдахун ажы Ооганстан республикасынын депутаты болуп эки жолу шайланган жана ошондой эле Ооганстан республикасынын президентинин кеңешчиси кызматын аркалаган. Көптөгөн сыйлыктардын ээси.

 

Памир кыргыздарынын лидери улуу инсан Атабек уулу Турдахун ажы узакка созулган оорудан улам 2016-жылы каза болгон. Аттиң арман, аттиң дүйнө Турдахун ажы Атабек уулу бул мезгилде 43 жаш курагында болчу. Жалпы кыргыз эли сизди унутпайбыз жана сиз менен ар дайым сыймыктанып жүрөбүз. Аркаңызда калган сегиз уулуңуз,жана бир кызыңызга кудай узун өмүр кең келечек берсин.

 

Көп арпанын ичинде жалгыз буудай

Жараттыбы өзгөчө сизди Кудай

Улуу кыргыз шумкары тоо чокуда

Журт кадырын жоготпой жолун улай

Аркар жүргөн ашуулар белесинде

Акыл калчап бийиктик сересинде

Асмандагы жылдыздай жанып өттүң

Тээ алыскы кырлардын чекесинде

Тулпар минип камчыны түйүп камдап

Кыргыз деген намысты бийик кармап

Эл журтуңа эш болдуң арка жөлөк

Тарых калыс өткөндү алат талдап

Түндүгүңдүн чекеси күмүш менен капталган

Ар пенденин тагдыры пешенеге чапталган

Уугуңдун учтары алтын менен сырдалган

Эр жигиттин жакшы иши санат менен ырдалган

Ак калпактын чекеси баркыт менен бүктөлгөн

Алладан келген амалдар Адам затка жүктөлгөн

Чийден соккон ашкана

Сол капшыттын көркү экен

Күлүк чапса кулпурган

Эр азамат бөркү экен

Чамгарак түрткөн баканың

Суулуу жердин кайыңы

Чачпагы күмүш шурудан

Салттуу жердин зайыбы

Кыргыздан чыккан Турдахун

Жалпы журттун уулу

Чолпондой жанган бийикте

Чоң Алайдын кулуну

Памирден чыккан Турдахун

Жалпы элдин уулу

Узарып соолбос учугу

Уланып кыргыз тукуму

Кайберен качкан бөлүнүп

Караандап алыс көрүнүп

Казандан ашат ырыскы

Кайнаса дөөлөт көбүрүп

Жардынан жыртык бөз калат

Жакшыдан улуу сөз калат

Кар астында чөп калат

Калк ичинде кеп калат

Устадан темир дат калат

Молдодон тумар кат калат

Турдакун өттү дүйнөдөн

Бирок элеси бизде сакталат

Туйгуну элең кыргыздын

Элесиң эсте сакталат

Тарыхтар айтат таамайлап

Эмгегиң элде даңкталат

 

kyrgyzdyn-chygaan-uulu 2 kyrgyzdyn-chygaan-uulu 3
kyrgyzdyn-chygaan-uulu 4 kyrgyzdyn-chygaan-uulu 5

 

Өскөнбай Бердибаев

Алай району Сары-Могол айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены