Катуу сууктан Ооган Памириндеги боордоштор Мургаб ооруканасында

Катуу сууктан Ооган Памириндеги боордоштор Мургаб ооруканасында

Ооганстандын түндүк-чыгыш жагында катаал кыштан биринчи курманд болгондор белгиленди.

 

Бир нече күн бою, тажик-ооган чек арасынын эки тарабында, тоолуу райондордун тургундары кар жана катуу суукка күбө болуп жатышат.

 

Ооганстандын Бадахшан органдарынын маалыматы боюнча, катуу сууктан улам буга чейин төрт жергиликтүү жашоочуларды өлүшкөнүн белгилешти - үч аял жана бир эркек.

 

 

Бадахшан басма сөз кызматы билдирүүсүндө Мургаб райондук ооруканасына күчтүү үшүк белгилери менен Ооган Памиринден 5 этникалын кыргыз жаткырылды.

 

Бейтаптар беш күн мурун Мургаб районунун ооруканасына жатканын белгилеп, Хуросон Хуросониев Мургаб районунун башкы дарыгери бул маалыматты тастыктады. Алардын баары - Ооганстан жарандары, кыргыз улутундагылар.

 

«Оорулуулардын бири өтө жаман абалда бизге келди – суйлөөгө жана басууга ушу жок эле. Ал азыр кризистен чыгып, сүйлөп, өзүнүн колу-буту кыймылдай баштады. Башка орукчан катуу өпкө оруусу менен» - деди башкы дарыгер.

 

Нилуфар Асламшоева, Бадахшан башкаруу өкүлү Озоди радиосу менен болгон маегинде болжол менен кээ бир жерлерде -50 чейин абанын температурасы жетиши мүмкүн, мындай жерлер Мургаб жана Булуң-Көл - деп билдирди.

 

Озоди радиосу

 

А.Примбердиев
www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены