Көрөңгөлүү Көөнө-Коргон

korongoluu-kono-korgon 2Мургаб районуна караштуу Гожо Бердибаев атындагы кыштак жамаатынын түзүлгөнүнө 30 жыл болот. Бул датага карата "Көрөңгөлүү Көөнө Коргон" аталыштагы китеп жарык көрдү. Китеп төрт бөлүктөн туруп өтө кызыктуу жазылган публицистикалык макалалардан турат.

 

Биринчи бөлүмү "Тарых, окуялар, мазарлар"деп аталып,орус чек арачылары жөнүндө Россиянын жана Кыргызстандын илимий булактарынан , архивдеринен алынган фактылар, фотосүрөттөр менен толукталган тарыхий окуялар чагылдырылган. Мындан тышкары бул чөлкөмдө жайгашкан Кыз мазар , Ылы суу ата, Бек жол ата, Кырк шейит мазары, Көөнө Коргондогу күмбөздөр тууралуу кызыктуу маалыматтарды ала аласыздар.

 

Экинчи бөлүк Октябрь төңкөрүшүнөн кийинки окуяларды камтыйт.

 

Үчүнчү бөлүм эгемендиктин учурун чагылдырат. Бул бөлүм айылдын саламаттыкты сактоо мекемелерине арналган "Велмандан Нейманга чейин" деген макала менен аяктайт. Төртүнчү бөлүм көрүнүктүү инсандарга арналып атактуу жердештерибиз Көкөнбек миңбашыдан баштап, Кыргызстандагы "Бөрү" аталыштагы спецназдын командири Махаматжума деген жаш жердешибиз жөнүндө маалымат алсаңыздар болот.

 

Китепти түзгөн жана редакциялаган Султан Парманов

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Комментарий

саид

Среда, 15 Августа 2018 18:19

ассолому алейкум!!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены