Боордошторго жардам колун суналы

Боордошторго жардам колун суналы

- Кулалы таптап - куш кылдым,

- Курама жыйнап - журт кылдым.

                            (Манас эпосу)

 

- Ассаламу алейкум урматтуу окурман. Мен бул баяндаманы өзүмдү тааныштыруудан баштайын. Аты-жөнүм Адахам-Жусуп, тээ алыскы Ак-Байтал белинин ары жагы, кут береке төгүлгөн, улуу тоолор курчаган Мургаб жергесинен болом. Кыргыз жергебизге келип жашап калганыма жети жылдын жүзү болду. Тагыраагы мен дагы этникалык кыргызмын.

 

Эми кеп кезегин баяндаманын негизги максаты болгон маселеге токтолсок. Кыргыз эли илгертен эле ата-бабабыз Кан Манас баш болуп улуу жолду баскан, улуу тарыхтын эли болобуз. Кыргыз эмнени көрүп, эмнени гана көргөн жок. Ар кандай сыноолорду баштан кечирип, турмуштун өйдө ылдыйын көрүп, жакшы жаман күндөрдүн күбөсү болдук. Кандай учур болбосун, не деген гана жашоо тескейин көргөзбөсүн салт-санаасын сактап, үрп-адатын аздектеп, өз тилин жоготпой, кыргыз бабаларынын наркын сактап келе жатабыз. Кыргыз элин, жерин коргогон баатырларыбыз жөнүндө айтуунун кажети деле жок. Бул күндөргө да шүгүр дейбиз.

 

- Мына бүгүн дагы кыргыз журтчулугуна оор күндөр келип, тагдыр дагы бир ирет сынап жаткан учур. Тынч жашоосун бузуп, душмандан пааналап, бүгүнкү күндүн оор абалын көрүп жаткан, он алтынчы жылдагыдай үркүн кайталанып көк тиреген улуу тоону жиреп, ашуу ашып, өз мекенине карай бел ооп качкан бир ууч кыргыз Памирлик боордошторубузга жардам колун суналы. Кайдыгер карабай турган күн келип олтурат.

 

- Урматтуу кыргыз элим, урматтуу президент Садыр Нургожоевич Памирлик кыргыздарга колдоо көргөзүп, Мургаб жергесине жакындап келгенде өз өлкөбүздүн кучагына алалы. Болгон аракетибизди жасайлы, кыргыз кыргызды эч качан оор абалда таштаган эмес. Биз этникалык кыргыздар өз өлкөбүзгө кайта турган күн келди, бир муштумдай бириге турган учур. Мен өз өлкөмдүн, өз элимдин эркин жашоодо өнүгүүсүн каалайм. Бирик кыргыз, бүтүн бол.

Ал эми Памирлик кыргыз боордоштор биз ар дайым силер мененбиз.

Урматтуу кыргыз өкүмөтү бул маселенин батыраак чечилишин суранабыз.

 

- Мен кыргызмын, асман-жерге жашташмын,

- Эзелкимин, келечекмин максатмын.

- Кылы дагы кыйшайышын каалабайм,

- Кырчылдаган "Кыргыз" - деген жакшы аттын.

                                       Зайырбек Ажыматов

 

Шаджанов Адахам-Жусуп

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены