"Аркарлар түнөгүнөн кайта элек" аттуу эскерүү кечеси (сүрөт)

"Аркарлар түнөгүнөн кайта элек" аттуу эскерүү кечеси (сүрөт)

Үстүбүздөгү жылдын 13- август күнү Ордолуу Ош шаарында "Ак-Бата" ресторанында Сары-Колдон чыккан чыгаан инсан, кайталангыс талант Миталип Жумабаев агайыбыздын "Аркарлар түнөгүнөн кайта элек" аттуу эскерүү кечеси жогорку деңгээлде өттү.


Иш чарага жазуучулар союзунун Ош облусундагы өкүлдөрү, акындар, ырчылар, маданият кызматкерлери жана Сары-Кол элинин кадырлуу аксакалдары, М. Жумабаевдин үй бүлөсү, тууган уруктары, классташтары, жердештери, "Сары-Кол жаштары" коомдук уюму, Кыргызстан калктар ассамблеясын өкүлдөрү, алыс жакындан келген меймандар катышты.


Иш чарада М. Жумабаевдин ырлары чыгармалары окулуп, жанга жагымдуу обологон обондуу ыр-,күүлөр жаңырды жана агайдын кыл калемине таандык сүрөттөрдөн жасалган атайын слайд көрсөтүлдү.


Иш чараныны катышуучулары, М. Жумабаевдин адамдык асыл сапаттары, бийик адамгерчилиги, кайталангыс таланты, чыгармалары боюнча эскерип сөз сүйлөштү. Андан соң кеченин катышуучуларына сый тамак берилип, белектер тапшырылды. Иш чаранын аягында аксакалдар М. Жумабаевдин жаркын элесине арнап куран окушуп, артында калган үй-бүлөсүнө, тууган-уруктарына бекем ден соолук, ийгилик, бакыт-таалай каалашып, алакан жайып бата беришти.

 

arkarlar-t-n-g-n-n-kaita-elek-attuu-esker-kechesi 2 arkarlar-t-n-g-n-n-kaita-elek-attuu-esker-kechesi 3
arkarlar-t-n-g-n-n-kaita-elek-attuu-esker-kechesi 4


Өскөнбай Бердибаев

“Поэзия ордосу" көркөм адабий

коомдук бирикмесинин мүчөсү

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены