Алтын колдуу атам (видео/сүрөт)

Алтын колдуу атам (видео/сүрөт)

Урматтуу туугандар мен ыраматылык атам жөнүндө эки ооз сөзүмдү айтып кетүүнү чечип, өзүмдүн маегимди сиздерге сунуп отурам. Уста Митал деп атамды Сары-Кол жергебизде эле эмес чоң мекенибиз Кыргызстанда да таанычуу. Атам мен эс тарткандан баштап устачылык кылып кыргыз элинин кыргыз үйүн жасаган Сары-Колдо бир эле менин атам болгон экен. Уста Осмонов Миталип (уста Митал) жасаган үйлөрү деп бир эле Сары Кол эли эмес Кыргызстанда жашаган жергиликтүү эл ушул күнгөчө колдонуп жүрүшөт. Мен билгенден атамдын өзүнүн тубаса өнөрү экен. Себеби атама бирөө үйрөтүп же көрсөткөн болгон эмес экен.

 

 

Атамдын жасаган кыргыз үйлөрү бүткүл элдин керегине жарап ушул күндө андай жасалган жокко эсе.

 

Мен он беш жыл мурун Чоң Алайдын жайлоосунда бир үйгө кирсем менин атам жасаган үй экен. Анда ошол үйдүн ээси аябай алкады: “Менин үйүмдү жасаган адамды бир көрсөм, ушундай жакшы жасаган күнү бүгүнкүсүдөй турат, ушул устага миң мертебе рахмат айтам. Өзүнүн эли канчалык баалайт билбейм мен ошол адамга ушунчалык ыраазымын сөз менен айтып жеткизе албайм. Менин көзүм тиригинде ошол Уста Митал акани бир көрсөм”- деп ыраазычылыгын билдирди. Ушул үй жасалганда энемдинда эмгеги чоң болгон экен, кыргыз үйдүн ичи тышыны баарын өз колу менен жасап жабдыган.

 

altyn-kolduu-atam 2 altyn-kolduu-atam 3

 

1980 жылдардан тартып Мургаб районубузда ар кандай көргөзмөлөр өткөрүлүүчү. Ошондо райондун жетекчилеринин суранчы боюнча атам кыргыз үйүн тигип элдик көргөзмөлөргө дайма катышат эле.. Ал кездерде азыркыдай атаандашуу жок болсо керек аны биле албадым, бирок атамдын эмгегин баалап райондун акими Орозо Ысманов атакеме “Нива” машинасын белекке берген болчу.

 

Ошондой эле атам бир эле кыргыз үй жасап эле чектелбестен эзелки кыргыз эли колдонгон “оймок” “шакек”, “билерик”, “сөйкө” сыяктуу буюмдарды күмүштөн жасачу. Бул буюмдар өтө кооз болгондуктан Сары-Колдогу жергиликтүү элибиз балдарын үйлөгөндө сөсүз жүздөн ашык шакек жана башка буюмдарды жасатчу. Атамдын баа жеткис эмгегине биз балдары, кыздары кол кабыш кылчуубуз.

 

altyn-kolduu-atam 4 altyn-kolduu-atam 5 altyn-kolduu-atam 6

 

Ушул эмгектеринен тышкар көзгө атар мерген, кол ойнотуп комуз черткен адам болгон.

Бир учурда Россиянын борбору Москва шаарына барып калсам атамдын досу Сергей Николаевич Плеханов мени тосуп алып үйүндө конок кылып атамдын баардык эмгектерин айтып өттү.

 

altyn-kolduu-atam 7Айтып кетеер элем – “Эли баалабаган, журту баалабаган эмгегин орус болсо да баалап үйүнүн төрүнө атамдын сүрөтүн кадап алыптыр”. Ошондо түшүндүм чындыгында атамдын эмгеги баа жеткис экенин. Атамдын алтын колдуу эмгег жолун азыр эки уулу Туратбек, Турдубек - энемдин эмгегин кыздары Жамила эжем жана мен Бүбүалма жолдоп келе жатабыз.

 

Атам эмгекчилдик менен чектелбестен калыс, чечен адам экендигин Ыдырыс Шажанов акабизда атам өткөндө терең кайгыруу менен эске салып өттү.

“Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн”- деген кыргыз элибизде сөз бар эмеспи ошого менин атамдын көзүн көргөндөр ушул кичинекей маегимди окуп күбө болуп эскерип коюңуздар.

 

Бүбүалма Осмонова

Мургаб району. Ыраң-Көл айылы.

www.sary-kol.ru

 

"Гений моего народа" Реж: Д.Садырбаев.

 

 

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены