Айылыма кат

Айылыма кат

“Арасында жүрсө дагы булуттун, адам кантип өскөн жерин унутсун”,-демекчи эле ар бир адам баласы, кайсы жерде болбосун өзү туулуп өскөн жерин эч качан унутпашы жана бардык нерседен бийик тутушу талашсыз.

 

Ошон үчүн дагы ата-бабаларыбыз «Туулган жердин топурагы алтын» деген улуу сөздөрүн айтышкан. Чынында эле бул сөздүн маанисине өз айылынан алыска кеткенде, ата-энеңди, эли-журтуңду, балалыгыңды сагынганда, ушул сөздүн маанисин түшүнүп, жетет экенсиң. Ошол себептен мен бүгүн сагынып, сагынычыма батпай, дегеле асыл балалык күндөрүмдүн изи калган айылыма кат жазууну чечтим.

 

Менин айылым Мургаб районуна караштуу Тогуз-Булак (Шаймак) айылы.

 

Айылым дегенде эле киндик каныбыз тамган, кайра кайткыс балалыгыбыздын издери калган, туулуп өскөн кичи мекенибиз эске түшөт эмеспи...Ошол сыяктуу менда айылымдын көркү болгон, таза абасы, бийик-бийик тоолору, шаркырап аккан суулары, жап-жашыл шибери, улар үнү, дегеле, алыстан келген адамдарды суктантып бүткүс табиятынын кооздугу менен мактануудан эч качан тажабайм.

 

Менин балалык кезимдин да, окуучулук кезимдин да эң эле сооунун эсте каларлык күндөрү ушул айыл менен байланыштуу. Балалыгымда чарчабастан кечке суу жээгинде ойногон күндөрүмдү, окуучулук күндөрүмдү, 11 жыл бою билим алган мектебимди, дегеле, барыны абдан сагындым. Мектептеги агайэжекелериме таазим этем. Эми ойлосом алар бизди ар дайым туура жолго багыттап, акыл насаатарын айтып, талыкпастан тарбия берип келген экен.

 

“Айтса сөз жеткис, караса көз жеткис” демекчи эле, биздин Шаймак айылы өтө көп нерселерге бай десек жаңылышпайбыз. Районубуздун эң бир кооз айылы болгон-Шаймак айылы десек да болот. Себеби андагы «Бахбур-Ата», «Каракул-Ата», «Шаймак-Ата» сыяктуу мазарлуу жерлерини, ар кандай ооруларга шыпа болгон ыссык сууларыны, дары өсүмдүктөрүнү сөз менен айтып жеткирүүгө болбойт.

 

Айылыбыздын кооз табиаты бардык адамды суктантат. Мен ушул татынакай табиатыбызды таза сактоону, көзүбүздүн карегиндей кароону, өз жерибиздин кадыр баркына жетүүнү суранар элем. Кантсе да биздин айылдын калкы кең пейил, меймандос, намыскөй, ынтымактуу эмеспи... Көч бара-бара түзөлөт демекчи... Мен дагы өз салымымды кошом. Мен ушул айылыбыздын дагы да өнүгүп өсүшүн каалайм. «Ааламга жол айылдан башталат» дегендей кайсы жерде болбойлу өз айылыбыз менен ардайым сыймыктанып келебиз.

 

Кыдырова Алиса Дилабаровна,

Душанбе шаарындагы улуттук университетинин

журналистика факультетинин 4-курсунун студенти.

 

"САРЫКОЛ" пресс.

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены