Айылдан кабар: Шаймак шаӊга бɵлɵнгɵн

Айылдан кабар: Шаймак шаӊга бɵлɵнгɵн

Бир топ убакыт өтсө да сиздерге кабарлап коюуну туура таптым

 

Тажикстан Республикасынын Президенти Улут ажосу Эмомали Рахмондун 22-декабрда элге болгон Кайрылуусун Кызыл-Рабат жамаатынын элине жеткирүүдө Мургаб районундук өкмөттөн түзүлгөн атайын топ Ж.Камчыбеков, С.Раёншоев, Кызыл-Рабат жамаатынын төрагасы Э.Осмонбаев, АФХ башчысы Т.Осмонов, Мургаб жамаатынан А.Осмонбаев Шаймак айылына келишип, жыйын өткөзүшүп, элге концерт тартуулап кетишти. Ошондой эле Кызыл-Рабат жамаатынын Шаймак айылында “Ордо 1” оюнунун төртүнчү туру 12 команданын катышуусу менен өткөрүлүп, ал 3 күнгө созулду. Ордо оюнун өткөрүүдө Кызыл-Рабат жамаатынын депутаттары демилге көтөрүшүп, мекеме-уюм жетекчилери байгелүү орундар үчүн ата- йын белектерди камдашты. Жыйынтыгында 1-орунду “Келечек”, 2-орунду “Кара-Суу”, 3-орунду “Чеш-Дөбө” командалары жеңишке ээ болушту жана аларга акчалай сыйлыктар тапшырылган.

 

Ошентип бул өткөрүлгөн иш чара¬да көрсөтүлгөн камкордук, уюшту¬руучулук Кызыл-Рабат жамаа- тынын төрагасы тарабынан белгиленип, 3 күн бою Шаймак шаңга бөлөнгөн.

 

А.Маматумаров

Мургаб району Шаймак айылы.

 

"САРЫКОЛ" пресс.

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены