Аңчылык: Кулжа минген Азим

Аңчылык: Кулжа минген Азим

Март айынын акыры болуп, Кара-Көл өрөөнүндө жааган карлар түздөрдө кетип, тоо беттери ала-телек болгон маал. Мал-жан кычыраган кыштан чыгып, үзүкчүлүктөн арыктап турган чак.

 

Азим ата төө багар Үсөнов Турдубайдын үйүнө келип: -Турду ава, бүгүн күн жакшы болот окшоп калды, асман чайыттай ачык болуп турат. Көл башындагы Мааризанын каламасына аңчылыкка барбайлыбы?"- деп калды.


Турдубай аксакал: -Абдан жакшы, сен даярданып кел, мен кара буураны комдоп турайын-деп, дароо эле теөөсүнө басты.



Бир аздан кийин, Азим ата да эки итин ээрчитип келди да, эки аксакал аңчылыкка жөнөй беришти. Бир-эки сааттын аралыгында болжогон жерге жетип барышты. Ошол жерде чөп киргизген таштан тизилген тосмо болчу. Алар төөдөн түшүп, иттери төөгө байлануу эле, каламаны көздөй акырын басып, жакындап калганда дүрбү менен карап, тосмонун ичинен кулжанын мүйүзүн байкап калышты.


Турду ава: - Чөпканага кулжа түшүп, чөй жеп, үйрөнүп алганбы, бул кулжа го,- деп калды.


Эмнеси болсо да жытты оңгоруп, акырын жакындап, аңдып баралы дешип, жакындап келип, байкашса, чын эле бир кулжа ары карап жайбаракат жатат.


-Муну атып алалы,-деп Турдубай ава мылтыгын камдады.

 

-Жок, -деп каршы болду Азим ата,- бул арык кулжаны, мен үстүнөн басып эле калам,- деп а-бу дегенче тосмонун кырына чыга калып, кулжанын үстүнө секирип минди. Кулжа тура калып, кетенчиктеп, катуу секирди эле, тосмодон так секирип өтүп, отура түшүп, кайра турганда Азим ата кулжанын так мойнуна мине түшүп, эки мүйүзүн эки колу менен кармап калды.

 

Мына кызык, анык балээ болбодубу? Кулжа ай-талааны көздөй зымырап бара жатат. Азим ата куду мотоцикл минген сыяктанып эки мүйүздү рулдай кармаган боюнча кулжанын үстүндө кетти.

 

Азим ата болгону: - Балам Абжамил калды, жакшы карай көруңүз, көз салың, ава, -дегенге араң үлгүрдү.


Турдубай ава күтүлбөгөн бул окуяга бир азга деңдароо боло түшүп, мылтык менен атсамбы деп, анан кайра: -Жок, эгер ок Азимга тийсечи-деген ойдо эмне кыларын билбей чебелектеп туруп калды да, эмнеси болсо да эки итти бошотуп, кое берейин десе, жиптер суу болгонбу, чече албай бир далайга буйдалып калды. Акыры бычагы менен жиптерди кесип жиберди. Иттер да атырылып, кулжанын артынан кууп кетти. Турдубай ава, өзү төөгө ыргып минип, төөнү желдире жөнөдү.

 

Азим ата: "а, кудай ай, өзүң сакта!"- деп кулжанын жонунда, мүйүздөрдү кармаган бойдон бара жатты.

 

Кийикке агытылып көнгөн иттер да кулжаны бат эле кууп жетип сандан тартышты. Алгыр иттер жарадар болгон кулжаны басып калышты. Азим ата кулжанын мүйүздөрүн бекем кармаган боюнча эч кыймылдабайт. Турду ава да төөсүн желдирип жете келди. Азим атанын мүйүз кармаган колдору карышып калыптыр, аны акырын ушалап бошотуп, Азим атаны кулжадан түшүрүп, кулжаны мууздап алышты.

 

Ошондон кийин Азим ата "Кулжа минер Азим" деген атка конгон экен. (Имамидин Турдубаевдин материалы)

 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru


Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены